25 Мар 2020

Урматтуу Kyrgyz Conceptтин Кардарлары

None
Урматтуу Kyrgyz Conceptтин Кардарлары

Урматтуу Kyrgyz Conceptтин Кардарлары, 

Бул кайрылууда биз, балким, Сиздерде, Компанияга дүйнө жүзүндө жана Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу, пайда болгон суроолорго жооп беришти каалайбыз. 

Эртенки күндөн баштап Бишкекте Өзгөчө абал режими киргизилет, ага байланыштуу азыркы учурда Исанов көчөсүндө авиабилеттерди сатып жана кайтаруу боюнча иштеп жаткан кеңсебизди жабышыны мажбур болобуз. Бул кеңсени, коркунучтарга карабастан, Кардарларга максималдуу пайда келтиргенге жетишүү үчүн акыркыга чейин иштетгенге аракеттендик.

Кеңсебизди жапкан учурдан баштап, тилекке каршы, биз, авиабилеттерге байланыштуу кайтаруу каражаттарды нак түрдө бере албайбыз. Бирок биз ар бир Кардарыбызга авиакомпаниянын эрежелери боюнча авиабилеттин кайтаруу шарттарын тактап берүүгө даярбыз. Эгерде эрежелер боюнча авиабилет кайтарылса, биз Сиздерге төлөмдү нак эмес түрдө кайтарып беребиз. Ал үчүн Сиз төмөнкү номурларга кайрылыңыз:

тел. +996 (312, 701, 777, 557) 900 883

email retail@concept.kg (08.00 до 20.00), contact@concept.kg 

сайт аркылуу кайрылуу-  www.concept.kg 

what’s app +996 554 900 883.

Ошол эле учурда, сураныч, төмөнкү учурларга көңүл буруңуздар, азыркы тапта компанияга кайрылуулардын саны көп болгондуктан, андан тышкары ар бир билеттин кайтаруу эрежелери өзгөчө болгондука байланыштуу, сиздин арызынызды ишке чыгарууга көбүрөөк убакыт сарпталып калышы ыктымал.

Бизге 24/7 ушул номурларга кайрылсаңыздар болот,  биз Сиздерге компаниянын башка кызматтар боюнча жардам бергенге дайыма даярбыз. 30 жылдын ичинде биз ар дайым өзүбүзгө төмөнкү маселе койчук -  Эч бир суроо, эч кандай бир Компанияга кайрылуу эч качан жоопсуз калбаш керек. Азыркы толук изоляция учурунда да биз ушул стандартты тутууну даярбыз жана сиздердин бардык кайрылууңуздарды кезек менен иштеп чыгарууну кепилдик беребиз.

Сиздерге төмөн ыраазычылык билдиребиз жана чын ден-соолук каалайбыз!

Kyrgyz Concept командасы

Спасибо! Мы уже звоним Вам.