11 Апр 2019

Сыйкырдын тарыхы

Туризм жаңылыктары
Сыйкырдын тарыхы

Салатсыздарбы, урматтуу саякатчылар!

Бүгүн унутугус саякат жасайбыз, тактап айтканда улуу сыйкырчы Гари Потердин баскан жолуна кайрылабыз.

1. Хорвартс сыйкыр мектеби

Сыйкырга оролгон бул курулуш Англиянын түндүгүндөгү Нортумберленд графствосунда  Алнвик ак сарайында жайгашкан. Эки гана фильми (“Гарри Потер жана философиялык таш” жана Гарри Потер жана сырдуу бөлмө”) Алнвик ак сарайында тартылганына карабастан, миллиондогон күйөрмандар бул сыйкырдуу мектеп дайыма ошол жерде жайгашкан, деп ойлоп калышкан. Негизи бул окуу жайын Оксфордто жана башка жерде тартышкан.  


2. «Хогвартс-Экспресс» поездинде саякаттоо

Лондондо жайгашкан белгилүү Кинг-Кросс вокзалы. Тактап айтканда 9 ¾ платформасы, ушул жерде жаш сыйкырчы жана анын достору Хорвардстта окуу  үчүн поездке түшүшкөн. Негизинен, бул жер чыныгы платформа эмес, Англия борборунун туристик жери болуп саналат.


“Хорвартс-Экспрессте” тартылган сценаны тартуу үчүн Улуу Британиянын эң эле кооз  West Highland Line аттуу темир жолунда тартылган.


3. Хорвартс китепканасы

Кинодогу укмуштуудай китепканана Оксфорд унивеститетинин Бодлианск китепканасында тартылган, ал жереде он бир миңден ашуун китептер сакталат, арасында орто кылымга тийиштүү абдан баалуу жазуулар орун алган.


4. Хорвардтс коридорлору- сыйкыр мектеби

Оксфордко келгенде Глостер шаарындагы   (Лондондон 2 саат узак жайгашкан) Глостер соборуна барып келүү кызыктуу болот. Анын укмуштуудай интерьеры, кооз коридорлору жана жабык галереясы Гарри Поттер фильминдеги  түрдүү эпизодторду эске түшүрөт.

 

5. Хагрид алачыгы

Шотландиядан узак эмес жерде болсоңуз  Хайлендтин түштүк-батышындагы Гленко өрөөнүнө сөзсүз түрдө көрүп келүү керек. Бул жер Шотландиянын эң эле кооз жери болуп саналат. Ушул жерде Гарри Потер киносунун Хагрид менен тартылган сценалары тартылган. Гленко өрөөнүндө счцена тартуу үчүн атайын Рубеуса Хагриддин алачыгы курулган. Тилекке каршы, азыр алачыкты алып салышкан, бирок бул жерде жагымдуу эс алуу өткөрүүмүмкүн.  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.