07 Фев 2019

Лыжа жана сноуборд тебүүнүн убактысы келди!

Туризм жаңылыктары
Лыжа жана сноуборд тебүүнүн убактысы келди!

Мына ушинтип кыштын акыркы күндөрү келип калды...

Лыжа же сноуборд тепкенге жетиштиңизби? Эгер жетишпей калсаңыз, анда анын убагы келди...

Сизди шыктандырыш үчүн эң эле кызыктуу лыжа тебүү курортторун сунуштайбыз.


Шамони-Мон-Блан (Франция)

Франциянын жана Швейцариянын чек араларында жайгашкан белгилүү лыжа тебүү курорту. Бул жерде 1994-жылы алгачкы кыш олипм оюндары өткөрүлгөн. Дүйнөдөгүэң узун трасса (22 км), көптөгөн тоонун эңкейиштери, укмуштуудай көрүнүш, майрамдык атмосфера орун алган.

Шамониге лыжа же сноубордту тепкенди билбегендер дагы барып келсе арманда калбайт. Табигаттын кооздугуна суктанып, чана тебип, иттерге байланган чаналарга түшүп кызыктуу эс алуу өткөрсө болот.


Ишгль  (Австрия)

Сноуборд тепкендерге эң эле ылайыктуу жер, анткени Ишгль Европанын эң жакшы   сноуборд тебүү жайларынын бири болуп саналат. Ошону менен бирге лыжа тебүүчүлөр үчүн да ылайыкталган. Көптөгөн лыжалык жолттоолор, халп-пайптар жана трамплиндер орун алган.  Ишгль үйрөнчүктөргө да, тепкенди жакшы билгендер үчүн ылайык жасалган. Мындан тышкары бул жерде эң чоң муз тебүү зоналары жайгашкан.


Церматт (Швейцария)

Швейциялык курорт болгон Церматт Италиянын чек арасына жакын жайгашкан. Туристер бул жерге жыл бою лыжалык трассаларга келишет аны менен бирге укмуштуудай кооз көрүнүшкө ээ болгон Пенин Альпаларын көргөнгө келишет. Пейзаждын көркүн Маттерхорн зоосу ачып турат, аны Церматтан каалаган жеринден көрө аласыз.


Тоонун боорунда жайгашкан үйлөр абдан кооз, бирок кааласаңыз алардын ордуна италиялык Червиняларды тандасаңыз болот. Червиня-тоонун аркы бетинде жайгашкан курорт. Ага Теодол атту ашууларындан өтүп оңой жетсе болот. Церматта менен Червини, экөө тең бир лыжалык трассага кирет. Турист Швейцария же Италиянын бирин тандап алуу мүмкүнчулүгүнө ээ.


Китцбюэль (Австрия)

Китцбюэлду Альп бермети болупсаналат. Байыркы австриялык лыжа тебүүчү курорт жана 700 жылдык тарыхы бар. Бул жерде алгачкы жолу 19-кылымда лыжа тээп башташкан. Ал эми жергиликтүү трассалар каттуу ылдамдыкта лыжа менен түшүүгө эң сонун.  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.