24 Янв 2017

Бишкек афишасы, Үчтүн Айы 19 - 25

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Үчтүн Айы 19 - 25


Үй өсүмдүктөрү боюнча мастер-класс

Үчтүн Айы 19: Өсүмдүктөргө кам-көрүүнүн өзгөчөлүктөрү, кам-көрүүнүн сырлары, типтүү каталарды тажрыйбага, бөлмөнүн микроклиматына жана жарыктыгын эсепке алып мастер-класс өткөрүлөт. Баасы: такталууда. (Алдын ала каттоодон өтүү зарыл) Өтүү жери: Гареев атындагы КР Улуттук Илимдер академиясы, Ахунбаев к, 1А. Башталышы: 18:00. Байланыш номуру: +996 555 889-420.


Поэзия кечеси

Үчтүн Айы 20: Сагын Акматбекованын поэзия кечеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтүү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония, Чүй пр, 251. Баштылышы: 17:00. Байланыш номуру: +996 (312) 61-40-15.


Бизнес-солонка

Үчтүн Айы 20: Бизнес-солонка: Бизнес айым кодекси, ал кандай? Спикерлер: Наргиз Чыналиева -“Dilden”, “Chynali” арт-студияларынын негиздөөчүсү жана креативдүү директору жана Женни Жениш кызы - Колумбиялык университетинин бүтүрүүчүсү, Unity Fund жана J-Invest Consulting LLC негиздөөчүсү. Баасы: 200 сом. Өтүү жери: Kyrgyz Conceptтин конференц-залы, Исанов к, 42/1. Башталышы: 18:30. facebook


“Кечээ-бүгүн-эртең транзит”

Үчтүн Айы 21: Өзгөчө экспресс бир нече аялдамаларда токтоп, ал жерден жүргүнчүлөр борбордук сүрөтчүлөрдүн арт-инсталляцияларын көрө алышат, «Красная звезда» кинотеатрда «Любви старинные туманы» аттуу дудук фильмдин көргөзүүсүнө катышып, почталык станцияга барып, буфет, театр сүрөт-ателье, романс жана бийлер концертин көрүшөт жана башка кызыктуу нерселер күтүлүүдө. Баасы: 200 сом. Өтүү жери: Фрунзе атындагы мемориалдык үй-мурасканасы, Фрунзе к, 364. Башталышы:15:30. Байланыш номуру: +996 779 972-203.


Манкурт жөнундө Баллада

Үчтүн Айы 21: Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" аттуу романынын негизиндеги трагедия. Баасы: 200 сом. Өтүү жери: Ч. Атматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театры, Тыныстанов к, 122. Башталышы:18:00. Байланыш номуру: +996 312 662-032.


Сулуу бийкеч жана Ажыдаар

Үчтүн Айы 22: Балдарга жана ата-энелерге спектакль коюлат. Баасы: такталууда. Өтүү жери: Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик Улуттук орус драма театры, Тыныстанов к, 122. Башталышы: 11:00. Байланыш номуру: +996 312 662-032.


Like show

Үчтүн Айы 22: Кыргызстандын жана Казакстандын эң мыкты видеоблогерлер катышкан проект. Баасы: 500 сом. Өтүү жери: Борбор Азиядагы Америка университети, Токомбаев к, 7/6. Башталышы: 10:00. Байланыш номурлары: +996 703 223-221, +996 771 505-158.


Латин бийлеринин кечеси

Үчтүн Айы 25: Кечеде бийлер, шеф-ашпозчудан снектер (жеңил татым), коктейлдер болот. Баасы: 100 сом. Өтүү жери: Бар @191, Абдрахманов к, 191. Башталышы: 20:00. Байланыш номуру: +996 312 661-234.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.