13 Мар 2020

Buenos dias, саякатчылар

Туризм жаңылыктары
Buenos dias, саякатчылар

Испания - маданияты жана тарыхы абдан бай. Паэльи, коррида, кастаньет жана фламенконун мекени. 

Жыл сайын Испанияга миллиондогон туристтер келет. Алар  өлкөнүн кандай кызыктарына арбалып келишет жана кайсыл жерлерди сөзсүз түрдө көрүп кетиш керек? Келгиле саресеп салып көрөлү :)    


Жыл бою эс алуу

Бул жылы Испанияда 366 күн бою асманда күн тийип маанайды көтөрүп турат. Жыл бою деңизге түшүү мүмкүн: жайында Балер, кышында болсо Канар аралдарында. Испанияга баруунун эң башкы себеби деңизге түшүү. Өлкөнүн түндүк жана түштүк тарабында Атлант океанына түшүү мүмкүн. Андан соң унаа менен 300 киломерт узактыкты ашып өтүп Орто деңиздин суусу менен ырахаттана аласыз.


Коррида

Эгер нервиңиз тынч болсо, анда улуттук испан оюну - корридону көрүп кетиңиз. Тореронун эр жүрөктүгү, чебердиги  абдан таасирдүү жана эсте каларлык.  


Биопарк Валенсии

Яспанияда, тактап айтканда Валиенсияда Европанын эң ийри зоопаркы жайгашкан. Анда жаныбаларды торогон клеткалар  жана вольерлер орнотулган эмес Жаныбарларды адамдардан бир гана айнек жана тепир тор бөлүп турат. Ал эми жаныбарлар табигый чөйрөдөгүдөй жайгаштырылган. 


Ронда шаары

Сөзсүз түрдө тоолордун жана булуттардын арасындагы үйлөрү болгон шаарга барып келишиңизди сунуштайбыз. Ронда дүйнөнүн эң байыркы шаарлардын бири. Бул нерсе жалгыз гана өзгөчөлөгү эмес, аталган шаар ийри капчыгайлар менен бөлүнгөн жалпак тоолордун үстүндө жайгашкан. Бул жердеги көрүнүш абдан кооз.


Дали театры-музейи

Дүйнөдө Сальвадоре Далини же анын эмгеги тууралуу билбеген киши жок болсо керек. Музейде сюрреалисттин эң ийри сүрөт топтому жайгашкан. Дали музейи 1974-жылынан бери иштеп келет жана Италияга келген ар бир адамга калгалары дайым ачык.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.