28 Фев 2020

Стамбулга кеттикпи?

Туризм жаңылыктары
Стамбулга кеттикпи?

Туркия - чыгыш таттуларына, байыркы тарыхка жана кооз табиятка ээ болгон мамлекет. Ал эми жомоктогудай Стамбул - бул Азия менен Европанын, Чыгыш менен Батыштын жолугушкан жери. Стамбул- бул кереметүү, табышмактуу шаар жана мышыктардын мекени. Рим, Византия, Латын жана Осмон ипреясынын мурунку борбору көптөгөн маданияттарды өзүнө сиңдирип алган, ошондуктан Стамбул эч бир жерге окшобон өзгөчөлөнгөн шаарга айланган.    

Стамбулда эмне кылса болот?


Круиз менен Босфорго баруу

Босфор-Европа жана кичи Азиянын ортосундагы кереметүү булуң, аны көптөгөн ыр китептерде кезиктирүү мүмкүн. Босфор булуңундагы круизде Стамбулду жаңы ракурстан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сиз көптөгөн мечит жана хан сарайларды көрө аласыз жана бир нече туристтик жайларга барып Мрамор деңизинен Кара деңизге чейин дээрлик Босфорду толугу менен кыдыра аласыз. Эгер Стамбулду суунун үстүнөн сүрөткө тартып алууну эңсеп жүргөн болсоңуз, анда коомдук паромго түшүп булүңдун бир жээгинен экинчи жээгине чейин барып келсеңиз болот.


Стамбулду бийиктитен көрүү

«Сапфир» Туркиянын эң бийик имараты, ал 2011-жылы Левент кварталынды тургузулган. Анын жогорку кабаттары келүүчүлөргө ачык, бирок бул жерде 238 м бийиктикте дагы Стамбулду толугу менен көрүүгө мүмкүн эмес. Аталган имараттагы шаарга болгон көрүнүш сизге унутулгус таасир калтырат. 


Принц аралдарында саякаттоо

Стамбулдун кеңдигин чындап алыстан гана сезип байкоого мүмкүн. Кеңири байкоо аянтчалары Принц аралдарында гана жайгашкан. Аталган арал Мрамор деңизинде, топурактын кичинекей кесиндилерине окшош, бул жерге жетүү үчүн Кабаташ көпүрөсүнөн өтүп паром менен сүзүү керек. Паромдон түшөрү менен 100 жыл артка түрдүрүп койгондой сезилет: өңөрүлгөн аттар, азем тосмолор менен тосулган үй жана кооз бакчалар.Эң башкысы ызылдаган машиналардын жоктугу, бир гана аттардын такалары жана таза, желбиреген шамал. 


Хамамда эс алуу

Стамбулда жадагалса мончого баруу - туристтик саякатка окшош, анткени бул жердеги хамамдардын тарыхы кээбир шаарлардын тарыхына караганда кызыктуурак болушу мүмкүн. 


Трамвайдагы кызыктуу сапар Истикляль көчөсү (İstiklâl Caddesi) —Стамбулдун Елисей талаалары. Бул жерлер абдан жандуу, кааласаңыз бир күн бою кийим дүкөн же заманбап арт-галерея,  кондитер жана романтикалык китеп дүкөндөрдү кыдырсаңыз болот. Аталган көчө жөө жүргүнчүлөргө ылайыкталган, бул жерде бир гана кызыл трамвайлар жүрөт. 

Спасибо! Мы уже звоним Вам.