13 Фев 2020

Эң романтикалуу жерлер

Туризм жаңылыктары
Эң романтикалуу жерлер

Дуйнөдө убакыт токтоп калгандай сезим пайда кылып, жүрөктү элжитип бакытка орогон жерлер бар.  Ал эми бул жерлерде сүйүктүү адам менен бирге болуу өзгөчө сезим тартуулайт. 

Албетте, бүгүн келе жаткан Ыйык Валентин күнүнө карата дуйнөдөгү эң романткалуу шаарлар тууралуу сөз кылабыз. 


Прага

Байыркы Европанын бермети - Прага шаары жана анын укмуштары тууралуу айтып бутуу мумкун эмес. Прага - сыйкыр жана уламыштар шаары, айлана орто кылымдык романтикага балкып турат. Праганын көчөлөрүндө сейилдөө өзгөчө таасир калтырат.


Рим

Гладиаторлук романтика. Маданий антикалык байлык, байыркы архитектуралык эстеликтер, гладиаторлодун образдары жана үч миң жылдык тарых… Рим дүйнөдөгү эң мыкты шаарлардын бири болуп саналат. Сыйкырдуу кудукка каало айтып тыйын ыргытып, чыныгы итальян бал муздагы жана укмуштуудай капучинасы менен ырахаттанып кетиңиз. Римде жашоо чындыгында dolce. 


Ия шаары

Ия шаары - вулкандын чокусунан түшүп турган каскаддары менен көк түстөгү чатыр менен терезелер жана апапак чакан үйлөр. Ар бир үйдүн короосунда гүл идишинде өстүрүлгөн кооз гүлдөр шаардын архитектурасына өзгөчө көрк берип турат. Шаардын сүрөттөп жатканда эле анын укмуштуудай романтикалуулугу сезилип тургансыйт :) Чындыгында ушундай, анткени кеп Санторини тууралуу болуп жатат.  


Нью-Йорк

Көп учурда бул шаарды муздак бетон гиганты катары кабыл алышат, бирок ар бир нерсени дайыма башка ракурстан карап көрүү мүмкүн. Манхэттендин көчөлүрүндө сейилдөө, эркиндик статуясын көрүп Тиффани бутигинин жанында кофе уртап коюп, Борбордук паркттын романтикасына балкып Бруклин көпүрөсү менен суктанып кетиңиз. Элестетип көрсөңүз өзүңүздү канча деген фильмдин каарманы болуп көрүү мүмкүнчүлүгүңүз бар :)


Спасибо! Мы уже звоним Вам.