16 Янв 2020

Шри-Ланка

Туризм жаңылыктары
Шри-Ланка

Шра-Ланкада сиз тынч жана жайдары эс алуу өткөрө аласыз.Жогорку денгээлдеги пляж, мыкты мейманка, көптөгөн тарыхый кооз жайлар.

Бул жердеги эс алууну кыскача сүрөттөгөндө: ызычуудан алыс, табият жана деңизге жакын болуу.


Жыл бою жай 

Жыл ичиндеги аба ырайынын  орточо деңгээли 26-27 градус. Деңиз болгондуктан бул жерде эч убакта күндүн кактаган ысыгы сезилбейт. Ошондуктан деңизге түшүп же чыгып баратканда күндүн ачуулугу сизди кыйнабайт. 


Даамдуу тамактар

Шри-Ланканы Индия океаны курчап турат. Ага байланыштуу бул жер деңиз азыктарына абдан бай. Дайыма креветка, балык, краб, лобстер ж.б көптөгөн деликатестер менен тамактана аласыз. Шри-Ланкада негизги тамактары-карри жана күрүч, сөзсүз түрдө бул тамактарды даамдап кетиңиз, бирок бардык карри тамактарга абдан көп ачуу калемпирлер кошулат. Ошондуктан тамактарды этияттык менен даамын татып көрүңүз. Дээрлик бардык мейманканаларда жергиликтүү, улуттук жана ошондой эле европа ашканасынын тамактары "швед столу" системасында сунулат.


Мейманканар

Акыркы мезгилдерде Шри-Ланка туристик жер катары белгилүү болуп милиондогон адамдарды өзүнө тартып келатат. Ошол себептүү аталган аралда каалаган тарз жана баадагы мейманкаларды табуу мүмкүн.


СПА

Жыл сайын Шри-Ланкана аюрведа менен дарылануу үчүн келгендердин саны артып баратат. Индия медицинасынын салттуу системасы санкхья  индуисттик философиясына негизделген. Улуттук чөп-чар, май жана массаж менен болгон кайталангыс дарылануу денеңизди жана жан дүйнөңүздү жеңилдетип, жагымдуу сезим тартуулайт.


Дайыма кыймылда болуңуз

Ажайып пляждар, ыңгайлуу мейманкана, даамдуу тамак, СПА - мунун бардыгы абдан сонун, мындан сырткары Шри-Ланкада абдан кызыктуу жайлар көп. Башка эч бир жерде кезиктирбеген шаркыратма, аска-зоо, ботаникалык парк жана бакча,сафари, пил питонимниктер жана башка абдан көптөгөн жерлер. Ал эми кыймылдуу эс алуу сүйүүчүлөр үчүн Аругамдагы серфинг, Наклс тоосунун аймагында хайкинг же Келаниядагы рафтинг абдан ылайык келет. Буга кошумча өлкөдө велосипед жүрүшү күн өткөн сайын популярдуу болуп баратат.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.