09 Янв 2020

Дүйнөдөгү эң кооз муз баскан көлдөр

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң кооз муз баскан көлдөр

Күн сууктап баштаганда биз дароо жылуу жактарды эңсей баштайбыз. А бирок кыш мезгили кереметтүү жана чыныгы жомокко бөлөйт. Акыркы убактарда жер шарында узака созулган суук жана кар көп жааган накта кыш болгон жерлер азайып баратат. Кышында сууктун жана кардын биригиши менен укмуштуудай ажайып кооздук пайда болот. Буга мисал катары муз баскан көлдөр. Келгиле булар тууралуу кеп баштайлы :)


Байкал

Бул тема тууралуу жазуу үчүн дал ушул Байкал көлү түрткү болду. Анткени Байкалга байланыштуу дээрлик бардык фактылар абдан таң калычтуу. Аталган көл дүйнөнүн эң терең жана байыркы көлү, анда жер жүзүнүн  1/5 бөлүгүн түзгөн тузсуз суу камтылган. Кыш айларында Байкал көлү өзгөчө көрктүү болот.

Сибирге келип, анын адам баспаган табиятынан ырахат алып кетиңиз. Буга кошумча коньки тээп же унааны муз үстүндө айдап көрүү мүмкүнчүлүгү менен пайдаланыңыз.   


Эйбрахам көлү

Канада көлү Абрахам кыш мезгилинде калың музга айланып, майда аба көбүктөрү пайда болгондо өзгөчө кооз көрүнөт. Негизи бул көбүктөр гейзерлерден чыгат, жазында бул гейзерлер кайрадан иштеп баштайт. 

Көл жана анын айланасында эс алуу учурунда табияттан энергия алып жана албетте, уникалдуу көбүктөрдү көрө аласыз.


Достук көлү

Бул көл дүйнөнүн четинде түбөлүк муз жана кар болгон жакта жайгашып, чындыгында, дүйнөнүн кереметинин бири болуп саналат. Matthias Wietz деңиз үстүндө соолуган гүлдөрдү сүрөткө чагылдырып абдан чоң сенсация жараткан. Бул муздардын кайталангыс биригүүсү башка эч бирде кезикпейт.

Антарктидага баруу оңой эмес, бирок барсаңыз арманда калбайсыз. 


Жогорку көл (Lake Superior)

 Улуу көлдөрдүн эң эле чоң жана терең көлү. Жогорку көл үч ийри штаттардын (Миннесота, Висконсина жана Мичигана)  жана канадалык Онтарио провинциясынын аймагында жайгашкан. Суук түшкөндө көлдү толугу менен муз каптайт жана анын үстүндө баштан аяк коньки тебип өтүү мүмкүн.Бирок бул көп убакытты талап кылат. Тоңгон көлдү бойлой Апосл аралынын муз үңкүрлөрүнө жетүү мүмкүн. Бул жерди табияттын керемети деп аттого мүмкүн. 


Йокюльсадлон

Йокюльсадлон көлүнүн музу жана ага жакын жерде жайгашкан муз каптаган пляж чындыгында Исландиянын эң өзгөчө керемет жерлеринин бири. Капкара вулкан кумдары жана муз каптаган тоолор, аппак карлар көлдүн жээгин курчап турат. Кечке мал асманда пайда болгон түндүк жаркырагы бул кооздуктун көркүн ого бетер ачып турат.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.