19 Дек 2019

Франкфурт-на-Майне

Туризм жаңылыктары
Франкфурт-на-Майне

Франкфурт (Франкфурт-на-Майне, Frankfurt am Main) - Германиянын бизнес борбору, өлкөнүн эң заманбап жана технологияга бай шаары. Бул нерсе шаардын толугу менен айнек жана бетондон курулгандыгын  түшүндүрбөйт. Франкфуртта немис элине таандык көптөгөн жайларды көрө аласыз. 

Экинчи дүйнөлүк согушта аталган шаар толугу менен кыйралып калган. Убакыттын өтүшү менен бул жер кайрадан калыбына келтирилген. Азыркы учурда келген конокторду укмуштуудай музейдик курулуш жээктери, заманбап банк кварталы жана дарыянын аркы  бетинде кечке маал жаркыраган миңдеген шамдар кубандырып келет.   

Франкфуртка келгенде кайсыл жактарга барууга болот?


Банк кварталы

Жогоруда булар жөнүндө бир аз кеп козгоп кеттик. Германиянын так очогунда банк кварталынын абдан чоң имараттары көздүн жоосун алат. Буларды көрүп Сингапур, Токио же Нью-Йорктун көчөлөрүндө жүргөндөй болосуз.


Рёмер аянты

Банк Кварталы сымал 200 м бийиктикте жайгашпаса дагы, Франкфурттун эң белгилүү жерлердин бир болуп эсептелинет. Рёмер аянты шаардын визиттик картасы сыяктуу, анткени бул жай магнит, кийим жана башка сувенирлердин бетинде чагылдырылган. Франкфуртка келип бул аянтта сүрөткө чырк этип кетпесеңиз, анда бул шаарга келбегендей болосуз.


Франкфурттун Эски операсы

Хан сарай сыяктуу көрктүү жана үйлөнүү тоюндагы торт сымал кооз болгон Эски операны Франкфуртту символы катары эсептешет. Ал 60 жыл иштеп, андан соң көп жылдар бою ураанды болгон. Ошентип 101 жыл өткөндөн кийин кайрадан конокторго эшигин ачты! 


Альт-Заксенхаузен

Немис бизнес-гигантынын ичинде чакан Альт-Заксенхаузен району катылып турат. Аталышын которгондо "байыркы саксон үйлөрү" дегенди түшүнүрөт. Бийик, асман тиреген имараттардын арасында байыркы курулуштагы айылды көрүү таң калтырат. 


Франкфурт чиркөөсү

Бул чиркөө шаардын эң көркөмдүү жайлардын бири. 

Негизинен чиркөөнүн башкача аталашы бар (улуу Варфоломейдин ипрератордук чиркөөсү), бирок бардык жерде  Франкфурт чиркөөсү деп жазылып келет.  


Музей

Франкфуртта абдан көп кызыктуу музейлер бар: Зенкенберг музейи, Франкфуртта иконалар музейи, Немис архитектурасынын музейи, немис кинематографиясынын музейи, колдонмо искусство музейи, Франкфурт реогионун жергиликтүү көркөм галереясы. 


Франкфурта-на-Майнеге кантип жетуу мумкун? 

Абдан оной! Lufthansa group Алматыдан Франкфуртка туз аба каттамдарын аткарып келет. Учак билеттерин Kyrgyz Concept кеңселеринен сатып алуу мүмкүн.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.