05 Дек 2019

Мына кыш дагы келип калды

Туризм жаңылыктары
Мына кыш дагы келип калды

Мына кыш дагы келип калды

Өзгөчө кышында  кубаттуулук азайп, ал күч кете баштайт: үйүлгөн иш, оокат, суук, бүтпөстөй болуп кетет.

Күч алуунун эң туура жолу - көлгө эс алып келүү.


Куба

Беш жылдыздуу социалдык бейиш - бул Кубага берилген эң так мүнөздөмө. Атагы чыккан ром жана дүйнөдөгү эң мыкты сигаралар,кечки сальсанын шаңдуу ритми, көл жээктери, суу асты дүйнөнүн кооздугу, түстүү Гавананын көчөлөрүндөн сейилдөө - булардын баарына Эркиндик аралы ар бир саякатчыга кепилдик берет.


Индонезия

Кышында көпчүлүк эс алуу каалаган жер бул -Бали эсептелинет. Жергиликтүү эл үчүн Бали аралы - бул Гректерге Олимп жери сыяктуу. Кыскасы бул жерде байыркы Кудайлар байыралган. Чындап келгенде Бали жер үстүндөгү бейишке окшош. 

Эгер сиз ажайып кооз жерде жан дүйнөңүзгө тынчык тартуулагыңыз келип жатса, анда Балиге кош келиңиз!


Таиланд

Индия океанын жылуу толкундарынын коштоосунда сүйүктүүңүз менен баш кошкуңуз келсе, анда Пхукет  аралына келиңиз.Бул жака келип күнгө күйүп, жыкжыйма жер-жемиштерди жеп витаминге толуп кетесиз жана ар бир кафеде деңиз азыктары менен тамактана аласыз. Күн киргенден кийин көл жээктери ачык асмандагы бийлөө аянтчасына айланат.

Тайланд дүйнөдөгү түрдүү кызыктуу жайларга абдан бай жерлердин бири. Бул жерде ар бир адам көңүлүнө жаккан нерсесин таба алат.  


Вьетнам 

Тайландтын эң чоң атаандаштарынын бири. Түштүк Чыгышты жана анын өзгөчөлүктөрү менен таанышкысы келгендер үчүн Вьетнам абдан ылайыктуу жер. Бул жерде эс алуунун бардык түрү бар: серфинг мектептери, дайвинг  үчүн эң мыкты жерлер, эң кооз көл жээктери, байыркы храм комплекстери, ал эми балдар менен келгендер үчүн Нячанг аттуу жайда Vinpearl көңул ачуучу парк абдан ылайык келет. Көбү Вьеөтнамды экинчи Тайланд деп ойлошот, бирок бул эки башка өлкө, ар бири кайталангыс өзгөчөлүкк ээ.  


Камбоджа

Бул өлкө кошунасы - Таиланд жана Вьетнам сыяктуу өнүккөн эмес болсо дагы, алардан кем калбайт. Камбоджада таптаза пляждар, ширелүү жер-жемиштер, абдан кызыктуу тарыхый экскурсиялар , мисалы, Ангкор храм комплекси жана жылан жана крокодилдердин шоу көргөзмөсү сизди күтүп турат.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.