28 Ноя 2019

Кышкы жомок (2-бөлүм)

Туризм жаңылыктары
Кышкы жомок (2-бөлүм)

Кутмандуу күнүңдөр менен менин саякатчыларым

Өткөн жума Нидерланд, Австрия, Швеция, Канада, Швейцариядагы шаарларындагы кыш мезгили тууралуу сөз кылганбыз. Мындан сырткары дүйнөдө чыныгы жаңы жылдык жомок болгон жерлер жык жыйма. Ошондуктан бул теманы улантууну чечтик!

Кайсыл жакка барып кыштасак экен?    

 

Швеция

Көптөгөн Европа шаарлары сыяктуу эле Швециянын шаарлары жомок сымал болот. Бул жер балдар менен эс алууга абдан ылайык жер. Анткени көптөгөн көңул көтөрүүчү оюн зооктор балдар үчүн ылайкталган. Кичинекей, кооз жана ыңгайлуу Стокгольмдо Хан сарай, Нобел музей, баатыр үйү, кооз чиркөөлөргө барып маданий эстетикалык эс алуу өткөрүү мүмкүн.Суелсвальды көздөй жөнөсөңүз ачык асман алдындагы музей сымал болгон “Таш шаарына” сөзсүз барып кетиңиз. Мындан сырткары Швецияда 200дөн ашуун тоо лыжа курорттору бар.  

Румыния

Кышкы эс алуу учурунда этсен кеткис көз ирмемдерди баштан өткөрүү үчүн кайсыл жакка баруу керек? Албетте, Дракул графы жашаган Румын Трансильваниясына. Бул жер токойуу жайнаган тоолуу болгондуктан кыш убагында көркү ажайып кооз болуп турат.  Кинолордо сүрдүү жана жапайы кылып көрсөтүлгөн Трансильвания азыр такыр андай эмес. Бул жөн гана кино мифы болуп саналат. Ошондуктан эч коркпостон Брашов жана Сигишоара сыяктуу чыныгы орто кылымдык шаарларга саякаттаңыз. Саякатчылар үчүн бул жерде бардык шарттар бар.      


Италия

Коомдук майрадарда көңул ачып,  шаңдуу эс алууну жактырсаңыз кыш мезгилинде Венециядан өткөн мыкты жер жок. Февраль айында 1094-жылдан бери салт болуп келген түрдүү көйнөк карнавалы өткөрүлөт. Бул Европада кыш айларында өткөрүлгөн эң маанилүү иш чаралардын бири, дүйнөнүн булуң бурчунан миңдеген турист жана белгилүү артист, ырчылар келет.          


Дания

Эгер сиз байыркы европалык шаарларда  тынч эс алууну кааласаңыз, анда Копенган шаарына келиңиз. Баса, бул жер балдарыңызга дагы абадан кызыктуу болот, анткени дал ушул жерде Ганс Христиан Андерсендин үйү жайгашкан. Жаңы жылда «Тиволи» көңул ачуу паркы өзүнүн майрамдык жарыктарын жандырат. Анын өзгөчөлүгү – XIX кылымга таандык курулуш жана жасалгалары.  


Финляндия

Кыш мезгилинде Финляндияга бара турган болсоңуз, анда сөзсүз Рованиемини көрүп кетиңиз. Бул шаарга Жаңы жыл жана кышкы майрамдардын өзгөчөлүгү таандык. Жадагалса бул жерде Санта-Клаустун резиденциясы жайгашкан. Бул жерде сиз чыныгы майрамдык маанайды сезе аласыз. Түндүк бугу, чана жана элдик сейилдөөлөрдү көрө аласыз. Мындан сырткары «Арктикумга » барсаңыз болот. Бул музейде Европанын өзгөчөлүктөрү менен жакындан тааныша аласыз.   


     

Спасибо! Мы уже звоним Вам.