14 Ноя 2019

Альпанын эң мыкты тоо лыжа курорттору

Туризм жаңылыктары
Альпанын эң мыкты тоо лыжа курорттору

Лыжа тебүү үчүн Альпага жөнөйбүз

Жалпыга таанымал болгондой Альпанын тоо лыжа курорттору тажрыйбалуу лыжа тебүүчүлөргө жана үйрөнчүктөргө түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Лыжа сүйүүчүлөрдү бул жерде абдан кызыктуу,  ийри тоо лыжа спорт дүйнөсү күтүп турат.

Лыжа сезонуна даярсызбы? Анда келгиле Альпанын эң мыкты тоо лыжа курортторуна көз чаптырып көрөлү.


Цугшпитце, Германия

  • Германиянын эң бийик жери – 2962 м

  • Бир убакытта 4 өлкөнүн панорамдык көрүнүшүн байкоого болот

  • Жылына 7 ай катар лыжа тебүү мүмкүнчүлүгү

Цугшпитце – Германиянын эң бийик тоосу. Анын чокусунан 400дөн ашуун Альп тоолорун жана бир убакытта Германия, Австрия, Италия жана Швейцария өлкөлөрүнүн панорамдык көрүнүшүн байкоого мүмкүн. 60 км узундуктагы түрдүү түзүлүштөгү трассалар жайгашкан. Көбү атайын Кандагар трассасын тандашат. Анткени бул эң татааал трасса, узундугу  3,7 м 940 м бийиктиктеги ашууну ашат. Аталган трассага жыл сайын дүйнөлүк тоо лыжа кубогу ыйгарылат. 


Вильдер Кайзер-  Бриксенталь, Австрия

  • Австриянын эң ийри тоо лыжа курорту

  • Жаңы үйрөнүп жаткан үйрөнчүктөр үчүн жана үй-бүлөлүүлөр үчүн эң ылайык

  • Жигердүү эс алуу сүйүчүлөр үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөр

Вильдер Кайзер-Бриксенталь - Австриянын эң чоң тоо лыжа курорту. Күнүнө түрдүү бийктиктен лыжа тебип, ар бир тебүүнү кайталангыс кылуу мүмкун. Трассанын жалпы узундугу - 279 км. Жалпы узундугунун даярдыгы боюнча бул аймак Еворанын он эң мыктыларынын тизмегине кирет. Чындыгында, трассанын көп бөлүгү үйрөнчүктөргө ылайыкталган.


Юнгфрау, Швейцария

  • Курорттордун түрдүүлүгү

  • Айланадагы кызыктуу тристтик жайлар 

  • Атагы чыккан кара Лауберхорн трассасы

Эми Швейцариянын Альпаларына көз чаптыралы. Юнгфрау — Берн Альпаларынын бийиктиги боюнча үчүнчү орунду ээлейт жана Швейцариянын эң кооз тоолорунун бири. Юнгфрау курорту өзүнө үч шаарчаны камтыйт, алар - Гриндельвальд, Венген жана Мюррен.

Мюррен  курортунда 1650дөн 3000 м.ге чейинки бийитиктердеги 54  км узундугундагы укмуштуу трассалар салынган. 

Гриндельвальд — жалпы узундугу 110 км түзгөн трасса, түрдүү кыйынчылыктарды камтыйт жана 1100 м бийиктикте жайгашкан. Курорттун эң бийик чокусу -2950 м.

Венген — трассанын жалпы узундугу 110 км жана түрдүү татаал түзүлүштөргө ээ, ал эми бийиктиги - 1100 м. Венгенге келгендердин көбү 4250 м жана бир километри бийиктиктеги ашуусу болгон  Лауберхорн кара трассасын багынтууну самашат.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.