17 Окт 2019

ТАР

Туризм жаңылыктары
ТАР

Салам, менин кымыбатуу саякатчым!

Сиз Түштүк Африкага  баргыңыз келди беле?

ТАР - абдан кооз жана кызыктуу өлкө. Түркүн түстүү өңдөргө бай жана заманбап жана алгачкы доор элементтерин камтып, адамдырды өзүнүн өзгөчөлүгү менен тартып турат. Келгиле бул өлкөнүн  кызыктарына көз салып көрөлү. 


Сафари

ТАР- өзүнүн укмуштуудай жапайы табияты менен дүйнө жүзүнө таанымал. Жыйырмага жакын улуттук парктары жана коруктары Африка фаунасынын өзгөчөлүгүн жакындан таануу үчүн  абдан жакшы шарт түзөт. Бул жерде жагымдуу убакыт өткөрүп, жаныбардардын жашоосун чагылдырган эң мыкты сүрөттөрдү алып кетесиз.


Кызыктуу саякаттар

Унутулгус жана жүрөк дүрбүткөн сезимдерди жашагыңыз келеби?

Анда ТАР сиз үчүн эң ылайык жер. Акулалар менен чумкуу, Кейптаундун үстүнөн парапланда учуу, дайвинг,  виндсерфинг и блюкартинг, саваннаны ашып өтүүчү аба шарлары, Дракон тоолорундагы ат минүү, жөө жүрүш сафарилери - мунун баарын ТАРда гана көрө аласыздар.


Пингвиндер жана деңиз мышыктары

Чындап келгенде, бардык эле пляждарда пингвиндерди көрө албайсыз, ал эми Африкада бул толук мүмкүн.  Колониялар (3000ге жакын пинвиндер) Кейптаундын Боулдерс Бич аямыгында жашашат. 30 мүнөт жол аралыгында Кейптаундан чыгып Фолс бей булуңундагы деңиз мышыктары байыр алган арал жайгашкан. Бул сүйкүмдүү жандыктар сизге жагымдуу таасир калтыра алат. 


Киттер

ТАР киттерге байкоо жүргүзүүгө эң ылайыктуу жерлердин бири. Болжол менен июндан баштап дакабрга чейин көбөйүү максатында жылуу сууларга жакын келишет. Аларды көл жээгине жакын жөө жүрүүчү жолдордон,расторан, кафе, кеме аркылуу жакын келип, жадагалса мейманканаңыздагы керебеттен турбастан  көрө аласыз.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.