03 Окт 2019

Ден соолук чыңдоочу туризм

Туризм жаңылыктары
Ден соолук чыңдоочу туризм

Ден соолукка кам көрүнү ар дайым “кийинкиге” калтыра беребиз. Бирок ден соолук - бул биздин организмдин эң башкы ресурсу.

Азыр ден соолукту ойлонууга эң ылайык мезгил. Ошондуктан сиздерге ден соолукту чыңдоочу туризмдин бир нече түрү менен тааныштырып кетели. 

Чехия

Чехия негизинен пайдалуу минерал  булактардын мекени, деп атап коюшат. Кавлов Варасындагы пансионаттар дүйнө жүзүнө белгилүү, анткени бул жерде гинекологиялык патологияларды, зат алмашуунун бузулушун, кыймыл системасына жана тамак сиңирүү органдарына байланыштуу ооруларды дарылоого мүмкүн. Дарылоо үчүн пайдалуу ылай жана торф колдонулат. Чехия бул курорт менен гана чектелип калбайт, мындан сырткары сиздин ден соолугуңуз үчүн  Марианске Лазне, Тржебонь, Теплицени сунуштайбыз.   

Израиль

Израилдин өзгөчө дарылоочу аба-ырайы үчүн элдер бул жерди айыктыруучу жер, деп атап коюшат. Көпчүлүккө белгилүү болгондой аталган өлкөдө медицина жогорку дэңгээлдн өнүккөн. Мындан сырткары, туристтер бул жердин аба-ырайына кызыгышат, Өлүү көлдө дайыма жылуу жана күн тийип турат, жамгыр көп жаабайт. Израилдин ылай жана суусу түрдүү ооруларга шыпаа болот: аллерниянын бир нече түрүнө, дем алуу органдарыдын ооруларына, гинекологиялык маселелрде, онкология, гармондодун бузулуусунда жана муундардын ооруларына айыктыруучу таасир берет.

Өлүү көл абасынын курамында бромдун көлөмү арбын, ал адамды эс алдырат жана тынчтык тартуулайт.  Ошондуктан бул жердеги тургундардын дээрлик барынын уйкусу бекем жана тынч болот.             

Германия

Кооз жана таза экологиялык таза жерлер, термал булактар, пайдалуу ылайык жана минерал суулар дүйнөнүн булуң бурчунан Германияга келишет. Европанын эң башкы туристтик жайлардын Баден-Баден болуп саналат. Жергиликтүү булактар түрдүү микроэлементтерге (цинк, кобальт, жез) жана минералдарга (магний, цезий, марганец, литий ж.б.) бай. Мындан сырткары Германиянын Шайдегг, Бад Фюссинг, Бад Тельц, Хинделанд аттуу курортторду белгилеп кетсе болот.                     

Италия

Италия көлдөргө бай жана тегерегин төрт көл курчап турат, мына ошондуктан бул жер SPA-индустриянын жана талассотерапиянын мекени болуп саналат. Кооз жайлар жана ыңгайлуу аба-ырайы адамдарга психолохологиялык ыңгайлуулук тартуулайт. Италиянын түндүгүндө ийри жеке клиникалар жайгашкан, булар инновациялык диагностикалык методикалары менен дүйнө жүзүнө белгилүү.     

Спасибо! Мы уже звоним Вам.