26 Сен 2019

Дүйнөдөгү эң кооз көпүрөлөр

Күндүн табылгасы
Дүйнөдөгү эң кооз көпүрөлөр

Адамдардын бардык чектөөлөрдү ашып өтүү каалосу күчтүү болуп, дарыя, жар же кысык болобу аны кечип өтүү үчүн көпүрөлөрдү ойлоп тапкан. Ар бир көпүрө - өзүнчө кайталангыс бир курулуш. Келгиле дүйнөнүн эң кооз көпүрөлөрүнө көз чаптырып көрөлү. 


Алтын Калгалар көпүрөсү, Сан-Франциско, АКШ

Дүйнөдөгү эң белгилүү көпүрөлөрдүн бири Алтын калгалар кысымынын үстүндөгү асылып турган көпүрө. Ал түндүктөгү Сан-Франциско аралынын  Сан-Франциско шаарын жана Марин түштүк чөлкөмүн бириктирип турат. Алтын Калгалар көпүрөсүнүн узундугу 1280 метр, ал эми жөлөктөрүнүн бийиктиги 227 метрди түзөт. Саякатчылар келгенде сөзсүз түрдө ушул көпүрөнү келип, унутулгус мыкты сүрөттөргө түшүп кетишет. Калгандары болсо бир нече жолу кинолордон бул көпүрөнү көрүшкөн.


Тауэр көпүрөсү, Лондон, Улуу Британия

Лондондогу Тауэр көпүрөсү - көтөрүлүүчү көпүрө Улуу Британиянын так очогунда жайгашкан. Ал укмуштуудай Темза дарыясынын үстүндө жана ошондой эле Лондон Тауэрини жанында жайгашкан. Көпүрөнүн узундугу эки мунарасы менен 244 метр, жөлөөчтөрүнүн бийиктиги 65 метр.


Виадук Мийо (Viaduc de Millau), Франция 

Виадук Мийо- түштүк Франциянын эң белгилүү жайларынын бири. Жыл сайын бул жерге 50000 ашуун туристтер көпүрөнүн жанындагы аянчаларды көрүп кетүүгө келишет. Көпүрө жакынкы убакытта 2001-2004 жылдары курулганына карабастан  ал Авейрон департаментинин визиттик картасы болуп эсептелет. Көпүрөнүн узундугу - 2460 метр, ал эми эң бийик жери Тарн дарыясынын деңгээлинен 270 метр.


Александра Невский көпүрөсү, Санкт-Петербург, Россия

Александра Невский көпүрөсү Санк-Петербургтун оң жээгин шаардын борбору менен байланыштырып турат. Бул жерде Неванын сол жээгинде Санк-Петербургтун - тарыхый борборунун чек арасы өтөт. Көпүрө жети тирке аралыгындагы темир курулуш, ортосунан ажырай алган жана эки жээгинде бирдей пандустар жайгашкан. Аталган көпүрө Санк-Петербургтагы эң узун көпүрөлөрдүн бири. Анын узундугу -629 метр, ал эми жээгиндеги курамалары менен - 907,7 метр. 

Александра Невский көпүрөсү - шаар аралыгындагы Нева дарыясынан өткөн эң узун көпүрө болуп эсептелет. Көпүрөнүн ажырап өйдө  көтөрүлүүчү аймагынын бийиктиги -11 мест, туурасы - 50 метр. Көпүрө эки минутанын ичинде көтөрүлөт.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.