18 Сен 2019

Авто путешествие

Туризм жаңылыктары
Авто путешествие

Самолеттун же поъздин терезесинен өлкөнүн бардык кооздугун көрө албайсыз. Ал эми унаа менен жүрсөңүз өлкөнүн кооздугун ичинен суктап көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 

Бул жолу сиздерге унаа менен саякат жасоого ылайыкталган өлкөлөрдүн тизмегин даярдап койдук.


АКШ

Эң көп АКШ өлкөсүндө кинодогудай жолдор абдан көп. Бирок классикага айланган The Great River Road багыты Миссисили көздөй 10 штатты өзүнө камтыйт, башкача айтканда Route 66. Сан-Францискодон Портлендке чейин жолдо абдан түрдүү, кызыктуу нерселер бар.  Highway 1 аттуу тоо жээгиндеги жол Тынч океандын жээгинен Мендосиного чейин жайгашкан. 

Жолдон батаникалык бакчаларга түшүп, сейилдеп жана маякка баш багып, жадагалса киттерди көрүп кете аласыз.


Исландия

Бул өлкөдө саякаттого эң жагымдуу убакыт - жай айы болуп эсептелет. Ring Road жолун баштан аяк өтүү үчүн сизге болгону жети күн жетиштүү. Жолдун жалпы узундугу 1332 км. Жолдо жүргөндө 18 шаарды өтүп, өлкөнүн туристтик жайларынын көбүн көрүп кетүү мүмкүн. Сельяландсфосс жана Скоугафосс шаркыратмасы менен суктанып кете аласыз. Мындан сырткары Гримсвётн вулканы менен Ватнайёкюдль мөңгүсүн көрө аласыз.


Норвегия

Өзгөчө табияты менен Норвегия өзүнө тартып турат. Бергенден Тронхефге бартаканда эң ыңгалуу багыт болот. 4 сааттык гана жол, 860 км аралыкта фьорддорду, тоо көлдөрүн жана шаркыратма, мөңгүлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү эң узун тоннель - 24,5 км болгон Лардалды көрүп кете аласыз.  


Грузия

Май- июнь жана сентябрь-октябрь айларында Грузияга барып келүүгө эң ылайыктуу убакыт. Тбилисиден чыкканда Сигнати шаарына, ал жактан Гурджани жана Телавиге өтүп, жолдон Аллавердиге кирип Ахмет шаарында түнөп кетсеңиз болот.  Казбеги, Ананури жана Мцчехе шаарларына саякаттап кетсеңиз арманда калбайсыз. Ар тараптуу Грузия өлкөсүндө жергиликтүү ашканасы, укмуштуудай табияты жана элдин меймандостугунан ырахат алып кетсеңиз болот.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.