11 Сен 2019

Жаңы үйлөнгөндөр үчүн саякат

Туризм жаңылыктары
Жаңы үйлөнгөндөр  үчүн саякат

Жайдын саратаны өттү. Үйлөнүү тойлордун убактысы келип калды. Бал айын уюштуруу, тойду өткөргөндөй эле кыйын болот. Бул маселени  жеңилдетүү үчүн бал айын өткөрүүгө эң ылайыктуу жерлерди сунуштайбыз. 


Тоскана, Италия

Италия бир көргөндө эле өзүнө арбап алат! Ичине акылмандыкты, романтиканы жана кооздукту камтыйт. Бал айын Тосканада өткөргөндө Италиянын өзгөчөлүгүн байкай аласыз. Бул жерде жашоо тең салмактуу жана тынч өтөт, Италиядан ырыхат алууга жана бири-бириңизге көңул бурууга убакытыңыз көп болот. Ал эми Тосканын кооздугу эсиңизге түбөлүккө сакталып, жагымдуу сезим тартуулайт.   


Мальдив аралдары

Мальдивалар - ар дайым табигый кооздука чырмалып турган жер. Кээ бир  учурда чыныгы романтика ушул жерде жашайт, деген ойлор келет. Суунун жээгинде, жыдыздуу асмандан астында жана толкун үнүнүн коштоосунда тамактанып жатканыңызда элестетсеңиз! Кандай гана сонун  романтика!    

 

Париж, Франция

Классикага кайрылып көрөлү. Жаңы үй-бүлөнүн пайда болшун сүйүүнүн өлкөсүндө өткөрүү эң ылайык келет? Сенанын жээгинде сезимдериңизди айтып, Эйфел мунарасын жанында сүйүңүздү тартуулап, сыйкырдуу бакчаларда сейилдеп, укмуштуудай вино, жагымдуу убакыт жана албетте, эстет кеткис сүрөттөр ар дайым бал айыңыздын эң сонун күндөрүн эстетип турат.  

 

Санторини, Греция

Эң романтикалуу аралдардын бири жаңы үйлөнгөн жаштар үчүн абдан ылайыктуу жер. Санториниде туптунук Эгей деңизине түшүп келүү, күндүн батканы жана таң аткына менен( мындайды эч бир жерде көрө албайсыз) суктануу мүмкүнчүлүгү болот. Деңиз манзарасы укмуштуудай таасир калтырат. Санторини эс алууңузду жомокко айланта алат.


Рим, Италия

Кайрадан Италияга кайталы. Ар тарапта кооз архитектура жана искусство эстеликтери, көрктүү пейзаждары жана көп кылымдык маданияты, жагымдуу кафелеринде тамшанткан тамактар жасалат, Рим-чындыгында сезимдер үчүн майрам, бул шаарды сүйбөй кетүү мүмкун эмес.  


Бал айында кайсыл жакка барууну каалайсыз?

Эң маанилүүсү кайсыл жакта болбоңуз бири-бириңизге болгон сүйүңүз өчпөсүн!

Спасибо! Мы уже звоним Вам.