28 Авг 2019

Күз мезгилинде өзгөчө көрккө бөлөнгөн жерлер

Туризм жаңылыктары
Күз мезгилинде өзгөчө көрккө бөлөнгөн жерлер

Тыңшап көрсөңүздөр…

Жалбырактардын шыбыраганын угуп жатасызбы? Бул күздүн келе жатканы.

Дал ушул мезгилде жагымдуу убакыт өткөрүүчү жерлер көп, мен азыр жылуу төшөк, сериалдар, керебет, чай же таттуу токочтор тууралуу айткан жокмун. Алтынга оролгон мезгилди мындан да кызыктуурак өткөрсө болот, мисал үчүн саякатка чыгуу!


1.Прага, Чехия

Прагага күзүндө барганда сөзсүз түрдө анын  хан сарайларды чулгап турган мистикалык тумандарын көрүп кетүү керек. Прагада күзүндө жайдагыдай элдер жайнабайт, жолдор бош болуп, чакан көчөлөрдөн жана романтикалуу жээктерден басканга жагымдуу  мүмкүнчүлүк түзүлөт. Күндүн нурлары кооз Прага табиятын сары түскө боёйт, бул кооздука суктанып келсеңиз арманда калбайсыз.   


2.Шварцвальд, Германия

Кочкул жашыл түстөгү тоолору, карагайлуу токойлору жана көлдөрү, ошондой эле байыркы жүзүм бакчалары, калың тумандары өлкөгө жомоктоктогудай көрк берет. Күз айында “Кара токой” өзгөчө романтикалуу жайга айланат - үйлөрдүн чатырын оттун түтүнү курчап, токойлордо козу карын жана жемиштер жайнап турат, ал эми кайталангыс пейзаждардан башыңыз айланат.  


3.Гальштат, Австрия

Автралиялык Альпаларынын арасында катылган, көлдүн жээгинде, тоолорунда токой жайнаган жерде кичинекей, кооз Гальшат шаары жайгашкан.  Бул жерде сизди түстүү үйлөрү болгон чакан көчөлөр, жагымдуу ресторандар жана таза альп абасы күтөт.   

 

4. Мадрид, Испания

Мадридке болгон саякат -  бул Испания борборунун бардык кооз жерлерин көрүп кетүү жана күз пейзажы менен суктанып кетүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Бир нерсени эске алыңыз, сентябрь-ноябрь айлары Мадридте - сезондун күчөп турган мезгили, ошондуктан эгер ызы-чуудан алыс, тынч жерде эс алайын десеңиз мадрид жүзүм бакчаларына барып испан виносун ичип келүүнү сунуштайбыз.  


5. Трансильвания, Румыния

Бул убакта аба өзгөчө кургак болот,  жамгыр дээрлик жаабайт, муз каптаган тоолордун бетинде токойлор алтынга оролуп турат. Кооз тоолор, байыркы хан сарайлар жана чиркөөлөр,  укмуштуудай жүзүм бакчалары, даамдуу тамактар - күзүндө Румынияда жүргөндө дагы эмне керек?


Күз - капалануу убагы эмес, өзүңүзгө кызыктуу саякат дүйнөсүн ачыңыз!  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.