22 Авг 2019

Байыркы тарых китептериндеки шаарлар

Туризм жаңылыктары
Байыркы тарых китептериндеки шаарлар

Дүйнөдөгү эң байыркы шаарлар

Биз көптөгөн байыркы шаарлар тууралуу билебиз, бирок тилекке каршы, азыркы учурда алар археологиялык аймакка айланды. Азыр болсо артка кайтып көптөгөн уламыштар айтылып келген байыркы шаарлардын көчөсүн басып, өзгөчө атмосфераны сезип келүүнү каалап каласың. Бактыга жараша, биздин убакка чейин эски шаарлар сакталып калган жана алардын көчөлөрүнөн сейилдеп келүү мүмкүнчүлүк бар. Мындай шаарлар көп эмес, бирок ал жакка барганда убакыт арасы саякат жасагандай болосуз.


1.Иерусалим 

Болжол менен б.з.ч 2800 жылда түзүлгөн.

Бул шаар тууралуу айтып берүүнүн кереги жок. Библиялык шаар, христиандык, иудаизм жана исламдын кагылышуусу. Өзүңүздү издеп жатып, толугу менен адашып кетүү ыкмалдыгы бар.  Бул жерде жайгашкан ар бир үй же дүкөндүн абдан узун тарыхы бар, ал эми ал таштар отуздан ашуун муундарды көргөн. Балким, андан да көп болушу мүмкүн. Байркы шаардагы жашоо өзүнүн нугунда уланып келет


2. Иерихон, Палестина

Изилдөөлөр боюнча адам бул жерди б.з.ч 9 кылымда байырлай баштаган. 

Бул шаарды, чындагында, эң байыркы шаар, деп атоого мүмкүн. Анын тарыхы ушунчалык чаташкан жана өзгөчө болгондуктан тарыхчылар өздөрү шаардын түзүлгөн датасын так айта лашпайт. Иерихон Палестинанын эң негизги туристтик жери болуп эсептелет. Дал ушул жерде 8 тарыхый катмар табылган. Мунун менен бирге бул жерде эң байыркы руиндер жайгашкан.


3.Пловдив, Болгария

Болжол менен б.з.ч 4000 жылдары түзүлгөн.

Европанын эң байыркы шаары кайсыл, сиздин оюңузча? Балким Рим же Афины? Көрсө алар эмес экен. Ал үчүн Болгарияга барыш керек. Пловдив шаары римдик курулуштарга абдан бай, бирок өзү Рим империясы түптөлө элек мурун пайда болгон.


4.Сузы, Иран

Түптөлгөн убагы болжол менен б.з.ч 5500 жыл.

Жакынкы чыгыштын эң экзотикалык шаарларынын бири. Бул сырдуу өлкөдө Хаммураппини алгачкы мыйзамдары табылган. Сузы Персинин борбору жана кооз жана жагымдуу шаар. Көптөгөн ак сарайлардые руиндерин кезиктирүүгө мүмкүн. Анткени илгери Персинин ар бир падышасы  Сузыда өзүнүн ак сарайынын курууну кыялданчу.  

жеринде 


5.Афиналар, Греция

 Болжол менен б.з.ч 1400 ж. пайда болгон.

Туристтердин арасында эң белгилүү жайлардын бири. Грецияга келип Афиналарды көрбөй кетүгө болбойт.  колонн Парфенондун белгилүүпрофилин баары дароо тааныйт. Байыркы шаар акырындап заманбап шаарга айланып баратат.   Балким сиз доорлор арасы убактты байкабай калышыңыз мүмкүн. Гректер өзүнүн тарыхын абдан баалашат жана сактап келишет.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.