14 Авг 2019

Эсиңизден кетпей турган саякат!

Туризм жаңылыктары
Эсиңизден кетпей турган саякат!

Сафари - өмүр бою эсиңизде калуучу эс алуу!

Сафари- бул жаныбарларды табигый жерде байкоо, кызыктуу экспедициялар жана белгилүү кыймылдуу эс алуу. Сафари-туризм –  экзотикалык жаныбарларды, куштарды жана өзгөчө өсүмдүктөдү бир метр аралыкта көрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Бирок Сафари үчүн эң ылайыктуу жер кайсыл?


1. Масаи-Мара, Кения

Масаи-Мара (Maasai Mara National Reserve) -Кениянын түштүк-батышында, өлкөнүн барбору Найроби шаарынын батыш тарабында жайгашкан улуттук корук. Жыл сайын бул жерге миңдеген туристтер парктын жапайы, табигый сулуулугунан ырахат алыш үчүн келишет.  Корукта көптөгөн жырткычтар жашайт(арстан, гепардтар), мындан сырткары 1,5 гну антилопалары крокодилдер жайнаган Мара дарыясын кечип өтүшөт.


2. Кафуэ, Замбия

Кафуэ (Kafue National Park) улуттук паркы Замбия дарыясынын бассейининде орун алган. Бул парктын аянты 22400 квадрат метрди түзүп, дүйнөдөгү эң чоң парктардын бири болуп эсептелет. Кафуэде түрдүү жаныбарлар жашап келет. Жергиликтүү дарыяларда көптөгөн бегемоттор жана көлөмдүү крокодилдер бар. Ошондой эле паркта кичинекейден баштап чоңго чейин түрдүү чымчыктарды кезиктирүүгө мүмкүн. Туристер пилди дагы көрүп кетүү ыктымалдыгы бар. Бактыга жараша браконьерлердин убагы бүткөн жана ушул себептен кээбир учурда пилдер лагерлерге чейин келип алышат. 


3. Чобе, Ботсвана

Чобе (The Chobe National Park) улуттук паркы Ботсвандын түндүк-чыгышында жайгашкан жана Замбией, Зимбабве и Намибие өлкөлөрү менен чектеш. Парк өзүнүн түрдүү жаныбар жана өсүмдүктөрү менен белгилүү. Жыл сайын аталган паркка миңден ашуун туристтер дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келишет, анткени дал ушул жерде Африка континентинин жапайы жаныбарлардын көбү жайгашкан. Мындан сырткары Африкадагы эң көп сандагы пилдер байыр алган корук болуп эсептелет.  


4.Бандхавгарх, Индия

Бандхавгарх (Bandhavgarh National Park) улуттук паркы Индиянын Мадхья-Прадеш (Madhya Pradesh) штатаында жайгашкан. Бул жер Азия тигрлерин көрүп келүүгө эң ылайык жер. Салыштырмалуу Бандхавгарх кичинекей парк болгону менен Индиянын эң маанилүү парктарына айланган. 


5. Канха, Индия 

Мадхья-Прадеш штатындагы Канха (Kanha National Park) паркы Индиянын эң кооз жана өнүккөн паркы болуп эсептелет. Аталган жер бир гана туристтердин арасында эмес, фотограф-натуралисттердин арасында да популярдуу. Туристтер укмуштуудай тигрды жана Барасинг бугусун (12 мүйүзү болгон бугу саздак жерлерде жашайт).  көрүүгө талпынышат, ал “Канхи байлыгы” деп, дагы атап коюшат. Коруктун жардамы менен көптөгөн жаныбарлардын жоголуп бараткан түрү сакталып калган.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.