08 Авг 2019

Дүйнөдөгү эң көп сүрөткө тартылуучу жерлер

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң көп  сүрөткө тартылуучу жерлер

Инстаграм бул жердин кооздугунан жарылып кетчүдөй болуп турат

Дүйнөдөгү эң көп  сүрөткө тартылуучу жерлер

Салам, менин саякатчыларым!

Кайсыл кооз жерден сүрөткө түшүүнү каалайсыз?

Ооба, бүгүн сөз сүрөткө эң көп тартылуучу жерлер тууралуу сөз болот!


1- орун: Эйфел мунарасы, Париж, Франция

Эйфелдин 300 метрдик темир курулушуна ар ким ар кандай мамиле жайсайт: кээбирин суктандырса, башкалары үчүн көрктү бузуп турат. Бул мунара Парижге келген ар бирин өзүнө тартат. Атактуу мунараны Монмарттан, Бельвиль паркынан, кичинекей бурчунан жадагалса метронун вагондорунан көрүүгө болот. Сүрөткө түшүп жатканда мунара дайыма көрүнүп турат жана анын оттору фотопараттын жаркырагынан окшошуп кетет.        


2- орун : Каппадокия, Турция

Каппадокияда эң оор нерсе - таң атканда кайсыл жерден тартууну чечүү. Sunset Point аянтынан  жана үңкүр отелден сыйкырдуу вулкан ландшафтын  көрүнүшүн жана кызамтык түтүн арасынан жүздөгөн шарларды көрүүгө мүмкүн. Ал эми шарлардын корзиналарына түшкөндөн кийин, такыр эле камера тууралуу унутуп калышыңыз мүмкүн.    


3-орун: Колизей, Рим, Италия

Мурун императордун бир лайкы гладиотордун өмүрүн сактап калчу. Азыркы учурда колизейдин аренасы тыптынч, бирок сүрөттөрдө миңдеген лайк топтойт. 


4-орун: Кызыл аянт , Москва, Россия

Бир сүрөттө Кызыл аянтты толугу менен батыруу мүмкүн эместей сезилет. Ошондуктан бул жакта тартылган сүрөттөр ар түрдүү чыгып калат. ГУМдун кечки оттору, Спасс мунарасынын сааттары, Василия Блаженныйдын ар түстүү храмы - жаныңызга бүтүндөй галереяны алып келсеңиз болот!


5-орун:Таймс-сквер, Нью-Йорк, США

Бүтүн дүйнөдөгү саякатчылар Таймс-сквердин жаркыраган билбордуна келишет. Бул аймакты “дүйнөнүн кесилиши”, деп бекеринен айтышпасы керек: бул жерде күнүнө жүз миң деген адам келип кетип турат, бул болжол менен бир кичинекей европалык, мисалы, Верона сыяктуу шаардын калкынын саны менен тең. Бул жер дайыма ызы-чуу жана жарык болуп турат - Таймс-сквер бир гана сүрөттөрдө жылбай, бир калыпта катып турганын көрүүгө мүмкүн.  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.