01 Авг 2019

Серфинг үчүн эң ылайык жерлер

Туризм жаңылыктары
Серфинг үчүн эң ылайык жерлер

Салам, менин кымбаттуу саякатчыларым! Серфинг тебүүгө даярсызбы? Даяр болсоңуз, анда бул тандалма сиз үчүн! 

Айрымдары үчүн көл жээгинде эң мыкты эс алуу -  бул серфинг үчүн бардык шарттар болгон эс алуу. Кээбир шаарлардагы болгон шамал, толкундардын күчү жана табиятынын өзгөчөлүгү серфинг үчүн эң сонун шарттарды түзөт.


Коста-Рика – чекчиз пляждар, эки океан, анча чоң эмес толкундар жана латын спирит… бул жер жаңы үйрөнчүктөр үчүн дагы, дасыккан серфингчилер үчүн дагы эң сонун жер.


Малибу / Калифорния. Учу жок сымал узун толкундары менен Түштүк Калифорнияда жайгашкан Малибу серфинг үчүн эң ылайыктуу жерлердин бири. Ал үчүн күз мезгилинде (сентябрь, октябрь и ноябрь) баруу туура болот, анткени бул учурда Санта-Ана аттуу шамалдын күчү менен чоң толкундар пайда болот.


Сан-Диего – Калифорния, көл жээктери жана жаркыраган күн - кызыктыңызбы? Буга кошумча бул жер заманбап серфингтин мекени, укмуштуудай кооз пляждардын чексиз түрү бар. Кызыктуу адамдар жана даамдуу тамактар эс алууга шаң кошот.


Назаре / Португалия. Серфинг тууралуу сөз кылып жатканда Европа жөнүндө көп айтылбайт. Бирок мындай болгону туура эмес, анткени дал ушул жерде серфинг спорту менен машыгууга ылайык жерлер көп. Европа континентиндеги серфинг өлкөсү катары Португалия эсептелинет. 

Назардагы аба-ырайы түзүк болуп турса, серфинг үчүн ыңгайлуу учур кыш мезгили болот. Айта кетчү нерсе бул жердеги шарттар баарына эле ылайык келе бербейт, толкундун узундугу кээбир учурда 20 метрге чейин жетет. Бул толкундар жадагалса абдан тажрыйбалуу серфингчилер үчүн дагы коркунучтуу!


Мауи / Гавайи. Дүйнөдөгү серфинг тебүүгө эң жагымдуу жер катары Гавайи аралы эсептелинет, ал эми Мауи  болсо көлөмдүү океан толкундары болуп, бул жер классикага айланган. Өлкөнүн түндүгүндө катуу шамалдар өзгөчө кыш мезгилинде укмуштуудай толкундардын пайда болушуна себепкер болот жана эң дасыккан серфингчилерди дагы таң калтырат. Мауи жээги үйрөнчүк серфигчилер үчүн сунушталбайт, себеби толкундар өмүргө коркунуч келтириши мүмкүн.  

Серфинг тактайына туруп, толкунду кармоого даярсызбы?

Спасибо! Мы уже звоним Вам.