23 Июл 2019

Укмуштуудай Каппадокия

Туризм жаңылыктары
Укмуштуудай  Каппадокия

Заманбап Туркиянын жүрөгү - Каппадокия деп, коюшат. Өлкөнүн борбордук аянтында жайгашкан тарыхый жер дүйнөнүн бардык жеринен туристтерди өзүнө тартып келет. 

Каппадокияга келгенде башка планетага түшүп калгандай сезим пайда болот, анткени анын табияты өзгөчө, эч бир жерге окшобойт. Чокусу муз болуп турган вулкандар, өзүнчө турган, анча бийик эмес тоолор, аскалар жана берекелүү өрөөндөр Каппадокияга өзгөчө көрк берип турат. Буларды көргөн сайын суктанып, кооздугуна көзүңуз тойбой кетет.   


Эгер алыс эмес жана көп эмес убакытка унутулгус эс алуу кааласаңыз, анда Каппадокияга келиңиз. Бул жакка үч күнгө келсеңиз, сизге бир жума жүргөндөй таасир калтырат.  

Каппадокия жөнүндө сөз кылып жатканда аба шарлары тууралуу айтпай кетүүгө болбойт. Күнүнө эртең менен асманга 50дөн 150гө чейин шарлар учурулат. Эгер жамгыр же шамал катуу болсо учуруу токтолуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бир- эки күн кошумча пландап кою туура болот.  

Каппадокиянын кооз жерлерин бир канча  метр бийиктикте эртең менен көрүүгө болот. Жыл мезгилине жараша учуу убакыттар өзгөрүшү мүмкүн. Жайында эртерек (5:00дон  06:00го чейин), кышында кечирек (06:00дон 07:00го чейин) башталат. Кападокияда көбүнчө күн тийип турат, асманды булуттар басуу ыктымалдуулугу төмөн, ошондуктан туристтерде бийиктикте күндүн батканын сүрөткө тартып алуу мүмкүнчүлүгү болот. 

Шарда учуу үчүн бир топ үчүн же жеке өзүңүз үчүн да буйрутма бере аласыз. Туулган күн, үйлөнүү той  же башка майрамдык күндөр үчүн эң ылайыктуу жер. Албетте, унутулгус бир сезим калтырыш үчүн эң сонун нерсе.    


Сыйкырдуу саякатка барууга даярсызбы?

Аба шарларына түшүп келелиби? :)

Спасибо! Мы уже звоним Вам.