11 Июл 2019

Жай саратанын кайсыл жакта өткөрүүгө болот?

Туризм жаңылыктары
Жай саратанын кайсыл жакта өткөрүүгө болот?

Жай саратанын кайсыл жакта өткөрүүгө болот?

+40°C көлөкөдө - бул Бишкектеги аба-ырайы боюнча кыскача маалымат. Жайдын ысык саратанында муздак бир жерге барууну кыялдандыңыз беле? Менин оюмча бул суроого баары “ООБА” деп, жооп берет деген ойдомун.

Келиңиздер анда, жай мезгилин өткөрүүгө ылайык болгон жерлерди байкаштырып көрөлү?

Гренландия, Дания

Гренландияны бекеринен дүйнөдөгү эң суук өлкө катары эсептешпейт. Бул жерде биздикиндей эле аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп турат.  Кышында 40 градус суук болуп туруп, жайында 7 градус жылуу болот.


мыс Лопатка, Россия

Чындыгында, бул жерде жай дээрлик болбойт. Эң эле жылуу болгон ай-август, бирок бул жерде жайкы кийимдерди кийип жүрүүгө болбой калат - орто температура +10°C ашпайт. Адамдар бул жерде жашабай калганы таң калычтуу эмес. Суукту жана тынчтыкты сүйүүчүлөр үчүн эң ылайыктуу жер!


Лапландия, Финляндия

Фингляндиялыктар  үчүн эң ысык темпрература +25°C болуп саналат. Бирок мындай ысык күндөр жалпысынан санап келгенде бир айдан аз болот. Июлдун ортосуна чейинки түндөрдө үшүк жүрүшүнө даяр болуш керек. Ал эми августта жамгыр жаап, суук болуп калат (+16º С чейин). Фингляндиянын өзгөчөлүгү - өлкөнүн түндүк тарабында узак бурул түндөр көп болот, анткени эки жарым айга чейин бул жерде күн кирбейт.

Барроу,США

Барроунун тургундары жылына 9 ай бою Түндүк Жаркырагына суктанышат. Ал эми Барроуда жайкысын орто температура 8 градустан ашкан күндөр өтө аз.



Австралия

Австралия аба-ырайынын өзгөчөлүгү- жай мезгили декабрда, кыш болсо июнда башталат. Таң калычтуу туурабы? Австралияда эң жакшы мезгил катары кыш эсептелинет, ал учурда Ийри барьердик рифте сүзүүгө жана Виктория штатында  кар үстүндө сноуборд тебүүгө болот. Кыш июнь айында башталат жана аба - ырайынын деңгээли сейрек учурда гана 20 градустан ашат.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.