04 Июл 2019

Эң мыкты көл жээктери

Туризм жаңылыктары
Эң мыкты көл жээктери

Мындай ысыкта салкын сууга  түшкөндү жана ысык кумга жатканды гана эңсеп каласың…

Ал үчүн сиздерге дүйнөдөгү эң мыкты көл жээктер тизмегин даярдап койдук! 


Эң кооз көл жээги- Pink Sands Beach (Багамалар)

Багамадагы Pink Sands Beach көл жээги дүйнөдөгү эң кооз пляждарынын бири болуп саналат.  Анын өзгөчөлүгү - суусу асман өңдүү, туптунук жана жээгиндеги өзгөчө түстөгү куму. Кумдун түсү кызамык тартып турат, анын себеби -  Фораминфер раковиналарынын майда бөлүктөрү. Бул жердеги суу жыл бою дайыма жылуу жана тынч, анткени айланасын коралл рифтери курчап турат


 Эң модалуу көл жээги-Las Salinas (Испания)

Лас-Салинас көл жээги Ибица аралынын түштүгүндө жайгашкан. Азыркы учурда эң чоң пляждардын бири жана эң белгилүү "көңүл ачуучу" жер, бул жерде дайыма дискотека жана эң шаңдуу кечээлер өткөрүлөт. Ошондой эле бул жерде көбүнчө атактуу кино жылдыздары, ырчылар жана бүтүн дүйнөгө белгилүү футболчулар эс алып кетишет. 


Сүрөткө эң көп тартылуучу көл жээги- Anse Source D’Argent (Сейшелы)

Anse Source D’Argent  Сейшел аралынын эң атактуу көл жээги болуп саналат. Ал бир нече жолу дүйнөнүн эң мыкты көл жээги катары белгиленген жана эң көп сүрөткө тартылуучу пляж катары эсептелинет. Анын кооздугу профессионал сүрөтчүлөрдү жана жөнөкөй туристтерди да, өзүнө тартып турат. 


Эң эле тынч көл жээги - Lombok (Индонезия)

Эгер ызы-чуудан чарчаган болсоңуз, анда бул көл жээги сизге эң эле ылайыктуу болот. Анткени Ломбок эң тынч көл жээги болуп эсептелинет. Атагы алыска чыга элек бул пляж - кооз, тропикалык токойго, аппак кумга жана кол тие элек жапайы токойго ээ болгон бейиштин бир бөлүгү болгон жер. Бул жерде башка туристтерди деги эле жолуктурбай, тынч эс аласыз, пляжды бардык аянтында жагымдуу виллалар жайгашкан. 


Эң аппак көл жээги - Whitehaven Beach (Австралия)

Уайтхэвен-Бич -  Витсандей аралындагы 7 - киломерт узундугундагы абдан кооз пляж. Ал дүйнөгө аппак кумдары менен белгилүү болгон. Апапак түстү ага кварц (98 %) берип турат .Аралда жайгашкан кемпиктер,  туптунук деңиз жана өзгөчө табияты сизге унутулгус эс алуу тартуулайт.  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.