27 Июн 2019

Туризмдин өзгөчө түрү

Туризм жаңылыктары
Туризмдин өзгөчө түрү

Туризмдин өзгөчө түрү

Салам, менин саякатчым!

Бүгүн сиздерге жөнөкөй тур пакеттен айырмаланган, саякаттын өзгөчө кызыктуу түрү жөнүндө айтып бергибиз келди.


Айыл туризми

Туризмдин бул түрү заманбап техникадан алыстатып, табигый нерселерге жакындатат. Будильниктин ордуна - короздун кыйкырганы, кеңседеги кофемашинанын ордуна - жаңы саалган сүт, дүкөндөн сатып алган азыктардын ордуна - бакчадан түз үзүп алынган жашылча-жемиштер.

Элде сөз бар эмеспи: "Өзгөрүш үчүн артка кайрылыш керек", деген...


Кинотуризм

Чындап айтсаңыздар,сиз өзүңүздү жакшы көргөн тасмаңызда (сериялыңызда) бир каармандын ордуна элестеттиңиз беле? "Ооба", деп жооп берериңизге толук ишенем. Сүйүктүү тасмаңыздын каарманы болуп көрүүнүн эки жолу бар: Биринчиси - Шерлок Холмстун баскан жолун көздөй Улуу Британияга сапар тартуу же кызыл Шевроле Импалуну ижара алып, "Лас - Вегастагы коркуу жана жек көрүү" аттуу тасманын каармандарындай сары көз айнектерди кийип алып унаа менен жүрүү. Же  тасмалардын декорацияларын өз көзүңүз менен көрсөңүз болот. Мисалы, "Средиземьянын" ар бир бурчун Жаңы Зеландияда изилдеп чыксаңыз болот же "Жылдыз жоокериндеги" бөтөн планеталык пейзаждары менен тунистик Татавинде, Матматеде жана Таузареде суктана аласыз.


Гастрономикалык туризм

Кулинардык курстар жана этникалык ресторандар бардык эле жерде бар, бирок улуттук ашкананын сырлары менен анын мекенинде таанышуу кызыктуурак болот. Балким буга айланадагы шарт  таасир бериши мүмкүн, кандай болсо дагы карри массаман Крабиде, хинкали болсо Казбегте гана эң даамдуу болот. Чыныгы пиццанын даамын татуу үчүн Италиянын түштүгүнө барып келүү туура болот. 


Рухий туризм

Рухий туризмдин максаты (сыйынуу менен алмаштырбоо керек) - жерди алмаштыруу гана эмес, өзүнүздү өзгөртүү болуп саналат.  Бул ички гармония табууну жана ойлорун оңдоону каалгандар үчүн аскетикалык саякаттын бир түрү болуп саналат. Мындай туристтер климаты жумшак болгон өлкөлөргө, көбүнчө Индия, Тайланд же Индонезияга жөнөшөт, ал жакта ийога же башка рухий көнүгүүлөрдү жасашат.


Индустриалык туризм

XX кылымдын техникалык өнүгүүсүунөн улам туризмдин өзгөчө түрү - индустриялык туризм пайда болду. Анын негизги максаты - түрдүү шаардык аянттарды, имараттарды жана инженердик курулуштарды изилдөө.

Индустриялык туризмдин эң эле экстремалдуусу - атомдук саякат. Ал үчүн постсоветтик аймакта жайгашкан, эн эле белгилүү объект -Чернобыль  АЭС жана атомдук жарылууга кабылган, эл жашабаган Припять шаарына саякат жасалат. Ошондой эле атом туризмин күйөрмандары Хиросима жана Нагасикага да сапар тартышат. 


Спасибо! Мы уже звоним Вам.