20 Июн 2019

Черногория

Туризм жаңылыктары
Черногория

Эгер эс алууңузду Черногорияда өткөрүүнү чечсеңиз, анда сиз эң туура чечим кылгансыз :)


Адриатикалык деңии

Жер ортолук деңиздин эң таза - тунук бөлүгү Адриатикалык деңиз  Черногорияны курчап турат. Суу абдан таза болгодуктан 55 метрге чейинки тереңдикти көрүүгө болот. Бул жакта деңиздин түйүнө акваланг менен кирүүгө же яхтаны ижарага алып деңиздин жээгин бойлой Адриатикалык деңиздин кооздугуна суктанууга болот. Кадимки көл жээгинде болгон оюн-зооктор бар: суу мотоциклдер, кеме жана катамаран.


Табияты

Черногорияга бир эле жолу келип көрсөңүз, аталышынын маанисин өзүңүз эле билип аласыз. Кечке  маал жыш токою болгон бийик тоолорду бир аз түтүн каптап турат, алар чындап эле кара сыяктуу сезилип кетет. Черногориянын толкундары тоо жээгине барып урунат, таза тоолу аба өпкөңүздү ачат, ачык түстөгү розалар жана башка көптөгөн кооз гүлдөр жол жээктеринде, жүзүм, лайм, инжир - бакча өсүмдүктөрү дээрлик ар бир үйдө өстүрүлөт. Өлкөнүн аянтында төрт улуттук парк жайгашкан, алар Черногорияга келген адамды сууктандырат жана унутулгус көз ирмем тарттуулайт.     


Тарыхы

Өткөн доорлордун издери архитектурада, курулуштарда, кол өнөрчүлүктө, скульптурада, фольклордо байкалат. Черногорияда архиологиялык изилдөөлөр өткөрүлөт, бул жерде көптөгөн археологиялык комлекстер, сырдуу обьекттилер, боштондук согушунун мемориалдык эстеликтери орун алган.   


Ашканасы

Черногория ашканасы тууралуу айтпай кетүү болбойт :) Элестетсеңиз, көптөгөн тамактар суудан жаңы кармалган молюска, креветка жана чаяндан жасалганын. Тамшандырып жатабы? Эми ойлосоңуз мындай тамактарды Черногорияда сиз 20 евродон ашык эмес баада ала аласыз. Жер ортолук деңиз белек кылып берген деңиз азыктарынан бул жерде куурулган балык, грилдеги кальмар жана өзгөчө уханы улуттук атайын ыкма боюнча мыкты ашпозчулар даярдап беришет.   

 

Черногорияда эс алып жатканда деңизде, кызыктуу изилдөөлөрдү жасап же ден соолукту чыңдап кетсе болот. Туристтердин арасында жаштарды, балдары менен жүргөн үй-бүлөөлөрдү жана ден соолугун чыңдоо үчүн келген улгайган адамдарды көрүүгө болот. Эс алуу үчүн эң ылайыктуу убак - майдан баштап октябрдын аягына чейнки мөөнөт.  

Азыр Черногорияга барып келүү үчүн эң ыңгайлуу убак!

Спасибо! Мы уже звоним Вам.