12 Июн 2019

Ачык түстөргө бай өлкөлөр

Туризм жаңылыктары
Ачык түстөргө бай өлкөлөр

Венгрия ачык түстөр менен тартылган сүрөткө окшош!

Венгрия – бул байыркы курулуштар, орто кылым ак сарайлар жана жомоктогудай мунаралар. Венгрияда азыркы күнгө чейин абдан баалуу искусство чыгармалары, укмуштуудай гобелендер, витий оймолору жана кымбат баалуу хрусталь люстралары болгон оор коло канделябрлар сакталуу.  


Будапешт

Будапешт заманбап мегаполис жана өткөн кылымдын модалуу электр стилдеринде аткарылган. Кечке маал жагымдуу ресторанга келип, тамшандырган гуляшты жана токай виносун ичпей кетүү мүмкүн эмес. Будапешттин сууга чөмүлүчүү жана бүтүндөй Европага белгилүү жайлары адамдарды суктандырат. Өлкөнүн бардык кооз жерлерин баштан аяк айтып бүтө албайбыз, ошондуктан аларды өз көзүңүз менен көрүп келүүңүздү сунуштайбыз.    


Эстергом

Эстергом – Венгрия тарыхындагы абдан манилүү шаар. Кайсыл бир убакта бул жерде Иштван биринчи аттуу алгачкы венгер падышасы такка отурган. Аталган шаарда Венгриянын эң атактуу Базилика чиркөөсү жайгашкан. Эстергом шаарындагы туристтер көп баруучу жайлар: Ыйык Адальберттин базиликасы, венгер чиркөө башчысынын резиденциясы. Дагы бир өзгөчө жай - Дунай аркылуу өткөн көпүрө, ал Венгрияны коңшу өлкөлөр менен байланыштырып турат, ошондуктан башка жакын өлкөлөргө барып келүүгө болот.


Дебрецен

Дебрецен шаары Будапешттен кийинки чоң шаар, аны көбүнчө өлкөнүн чыгыш борбору, деп коюшат. Мындан тышкары бул жерде атактуу Надьёрд термал комплекси, ал эми айланасында  Хортобадь улуттук паркы жайгашкан.


Мартонвашар

Бул анча чоң эмес, бирок кооз шаар Венгриядан 30 км алыстыкта жайгашкан. Мартонвашардын эң кооз жери катары Брунсвик мунарасы эсептелет. Ал неоготик стилинде аткарылган жана XVIII кылымдын архитектуралык курулушу. Мунаранын сырткы аянтында эң кооз англис пактарынын бири жайгашкан. Эң эле өзгөчө жери – биринчи кабаттагы Бетховен музейи эсептелет. Анын залдарынын биринде дайыма композитор тууралуу фильмдер көрсөтүлөт жана ага арналган концерттер өткөрүлөт.


Венгрияда түрдүү доорлорго таандык абдан көп эстеликтер, мунаралар, чиркөөлөр жайгашкандыктан аны музей өлкө, деп коюшат. Ошондуктан туристтердин эс алуусу  кооз жана өзгөчө жерлерди изилдөө менен өтөт. Ага кошумча венгер ашканасы жана жергиликтүү мыкты вино эс алууну унутулгус кылат.

Чемоданыды чогултуу убакыты келди:)

Спасибо! Мы уже звоним Вам.