30 Май 2019

Жай - күндүн энергиясын алууга эң ылайыктуу мезгил:)

Туризм жаңылыктары
Жай - күндүн энергиясын алууга эң ылайыктуу мезгил:)

Жай - күндүн энергиясын алууга эң ылайыктуу мезгил)

Бирок кайсыл жакка баруу керек? Биз сиздерге жай мезгилинде унутулгус эс алууга ылайыкталган бир канча жерлер тууралуу маалымат даярдап койдук.  


Грузия

Грузия - жүрөгүңүздө түнөк алуу үчүн бир гана жолу ал жакка барып келүүңүз жетиштүү. Укмуштуудай черномор курорттору, Уплисцихе жана Вардзия үңкүр шаарлары, байыркы Мцхет монастырлары, Сванет чокулары жана албетте, грузин ашкана жана виносун айтпай кетпесек болбойт:)


Греция

Түштөгүдөй эс алуу. Балкондо эрте менен тамактанып жатып деңиздин чексиз мейкиндигине суктана аласыз, бийик-бийик толлордо жайгашкан чиркөөлөр, алтын сымал кумдары менен гүлдөп жаткан арал. Жомоктогудай бекен?

Греция сизди бардык кыялдарыңызды орундата алат.   


Марокко

Океанбы же деңизби?

Мароккодо болсоңуз, тандап отуруунун кереги жок. Анткени өзүңүздүн эс алууңузда Жер ортолук деңизге дагы, Атлантикалык океанга да түшө аласыз. Бул жерде көптөгөн башка эс алуучу жайлар көп. Тынчтыкты сүйгөн адамдар үчүн туристтерден алыс “Марокко Марсы” ылайык, т.а Легзинра аттуу океан жээги. Кыймылдуу эс алуу сүйүчүлөр үчүн “Марокко Гавайиси” бар, ал өлкөнүн түштүк-батышта жайгашкан Дахла көл жээги.      


Черногория

Бул жерге бир келип алсаңыз, кайра кайра келгиңиз келип калат.  Алтын сымал куму менен таза деңизи, SEA DANCE фестивалы (30-август - 2 сентябрь), Параста хан сарайлары жана Острог тоо монстыры, Игало баткак курорту. Күнөстүү Черногориядан түшкөн сүрөттөрүңүз керек болсо кыштын суук күндөрүндө сизди жылытып турат.   


Кипр

Бир  эмгек өргүңүздө байыркы заманга барып келгиңиз келсе, муфлондор менен таанышып, суу жээнде куңгө кактанып жана чөгүп кеткен кемени өз көзүңүз менен көргүңүз келсе Айя-Напедеги Нисси-Бичте жагымдуу эс алуу өткөргүңүз келсе Кипрга келиңиз! Апельсиндерди өз колуңуз менен үзүп жейсиз, король виносун ичесиз жана көптөгөн жаңы досторду табасыз.


Куруңду тагын, учууга даярдан:)    

Спасибо! Мы уже звоним Вам.