23 Май 2019

Дүйнөдөгү эң табышмыктуу жерлер

Туризм жаңылыктары
Дүйнөдөгү эң табышмыктуу жерлер

Дүйнөдө байыркы заманда  айкелчилер тарабынан жасалган көптөгөн табышмактуу эстеликтер бар. Бул жайлар окумуштуу, тарыхчы жана археологтор тарабынан кылдаттык менен изилденген, бирок айрымдары абдан байыркы болгондуктан толук изилденбей, курулуш себеби жана убакыты белгисиз бойдон калууда.

Буга ылайык дүйнөдөгү көп адамдарды кызыгууга салган жана окумуштууларга сыр бойдон калган табышмыктуу жерлер тууралуу маалымат беребиз.  


Англиядагы Стоунхендж

Дүйнөдөгү эч бир эстелик Стоунхендждей сырдуу эмес. Байыркы эстелик Орто кылымдардан бери көпгөгөн окумуштуулардын ортосунда талаш - тартышты жаратат. Стоунхендж - темирден жасалган курулуш Лондондун түштүк-батышында 130 км узактыкта жайгашкан. Эстеликтин айланасын “Обри” атуу 56 кичинекей  чуңкурча курчап турат. Бул чуңкурчалардын аталышы Джон Обринин урматына коюлган, ал XVII кылымда алгачкы жолу Стоунхендж тууралуу жазган. Тегеректин кире беришинин түндүк-чыгышында абдан чоң, көлөмдүү таш жайгашкан, 7 мерт бийктиктте болгон ташты “Согончок ташы” же “Күн ташы”, деп коюшат. Стоунхендж абдан чоң көрүнгөнү менен, окумуштуулардын айтуусу боюнча эстеликтин азыркы абалы чыныгы эстеликтин  кичинекей гана калдыгы.


Гизадагы улуу сфинкс

Абдан белгилүү эстеликтердин катарына кирсе дагы, Гизанын Сфинксине байланыштуу нерселер дагы деле табышмак бойдон калып келет. Аталган эстелик боюнча, египтологор тарабынын айтылган түрдүү пикирлер бар, бирок кимдер жана кайсыл убакта пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. Эгер бул Хафра фараону болгон болсо, болжол менен айкел б.з.ч  2500 жылдарда курулган, бирок айрым окумуштулар суунун эрозиясынын негизинде Сфинкс андан да байыркы убакта пайда болгондугу тууралуу айтып келишет.


Чилинин жээгине жакын жерде жайгашкан Пасхи аралы

Пасхи аралында Моаи аталышындагы чоң, бир нече адам айкелдери орун алган. Моаи болжол менен 1250 -1500 жылдардын аралыгында аралдын эң байыркы жашоочулары тарабынан тургузулган. Бул эстеликтер биздин байыркы ата-бабаларыбыздын жана жергиликтүү кудайлардын элеси чагылдырылган, деген пикирлер айтылып келет. Айкелдер Пасха аралында жайгашкан вулкандын туфтарындан жасалган. Окумуштуулардын изилдөө лөрү боюнча, алгач бул жерде 887 айкел тургузулган, кийинчерек аралдын кландар арасы салгылашуулардан улам эстеликтер кулап калган.  Азыркы учурда 394 гана айкел сакталган бойдон турат, ар биринин бийктиги - 30 фунт, салмагы - 70 тонна.


Германиядагы Гозек тегереги

Германиянын эң табышмактуу жерлеринин бири болгон  Гозек тегереги - топурак, шагыл жана жыгач тосмолордон жасалган эстелик. Аталган эстелик эң алгачкы “күн  обсерваториясы” болуп эсептелет.

Эстелик абдан так жана сапаттуу тургузулгандыктан окумуштуулар, - байыркы адамдар Гозек тегерегин  күн жана айдын календары катары пайдаланышкан, деген пикирде, бирок эстеликтин курулуш себиби так аныктала элек жана буга байланыштуу түрдүү талаш-тартыш пикирлер айтылып келет. Айрым далилдердин негизинде байыркы Европада Гозек тегереги “күнгө сыйынуучу” жер катары колдонулгандыгы белгилүү. Буга байланыштуу, эстелик кээ бир ритуалдарды жана адамдарды курмандыкка чалуучу жер катары пайдаланылган, деген пикирлер жаралган.


Табият жана адамдар бизге абдан көп табышмактарды калтырып кеткен, алардын жобун таба алабызбы, белгисиз!

Азырынча бул жерлердин өзгөчөлүгүнө суктанып, табышмагынын жообун божомолдой гана алабыз!

Спасибо! Мы уже звоним Вам.