09 Май 2019

Жомок катары...

Туризм жаңылыктары
Жомок катары...

Салам менин кымбатуу саякатчым!

Жер жүзүндөгү түрдүү жерлерге саякат жасаганыбыз сага жагып жатат, деген ойдомун. Бүгүн  жомоктон алынгандай, укмуштуудай кооз мунаралар тууралуу сөз кылабыз...


Нойшванштайн, Бавария, Германия

Германиядагы эң эле белгилүү жана романтикалуу аталышка ээ болгон Нойшванштайн мунарасы, немисчеден которгондо “акуунун жаңы аскасы”, деп которулат.

XIX кылымда  “жомоктогу падыша” Людвиг II буйругу боюнча бул Париждин Диснейинде жайгашкан “Уйкудагы сулуу” жомогундагы мунаранын прототиби болгон. азыркы учурда бул мунара  Диснейдин заставкасында чагылдырылган.


Виндзордук мунара,  Беркшир, Англия

Миң жылдык тарыхка ээ болгон даңазалуу мунара - Улуу Британия ханышасынын эң сүйүүктүү жери. Иш күндөрү бул жер көрүүгө ачык, келген адамдар Георг IV -нүн имаратын, Ремьранд жана Рубенсттин сүрөттөрүн жана Мария ханышанын курчак үйүн өз көзү менен көрө алышат. 


Мон-Сен-Мишель, Нормандия, Франция

Мон-Сен-Мишель сыртынан абдан таасирдүү көрүнгөнү менен бул чындыгында мунара эмес - чиркөө. Башында кичинекей сыйынуучу жай болуп, кийин чоң имаратка айланган. Көптөгөн кол салууларды башынан өткөргөн чиркөө, азыркы күнгө чейин айрым жерлери өзгөрүлбөстөн сакталган. Учурда Парижден кийинки эле көп туристтерди кабыл алган жер болуп саналат.


Пена, Синтра, Португалия

Португалия падышаларынын жомоктогудай резиденциясындагы Пена мунарасынан Синтранын, Лиссабондун жана Атланттикалык океандын көз уялткан көрүнүшүнө ээ болосуз. Хан сарайдын айланасында абдан кооз бакча бар, ал жерде экскурсиядан чарчагандан кийин жакшы эс алып алса болот.


Мацумотонун мунарасы, Мацумото, Япония

Эми дүйнөнүн башка бурчуна сапар тартабыз, т.а. Японияга.

Мацумото- Япониянын эң эле мыкты мунараларынын бири. Мунара  

16-кылымда курулуп бүткөн. Ички жасалышы дарактан, ал эми сырты таштан жасалган. Мацумото мунарасы тоонун үстүндө курулгандыктан башка мунаралардан өзгөчөлөнүп турат.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.