02 Май 2019

Жер жүзүндөгү кереметту жерлер

Туризм жаңылыктары
Жер жүзүндөгү кереметту жерлер

Салам, кымбаттуу менин саякатчым!



Буга чейин биз жомок дүйнөсүнө саякат жасадык, бүгүн сиздер менен  жомоктон алынгандай, бирок чындыгында болгон жерлерге сапар тартабыз.   

Памуккале, Турция

Памуккале дүйнөнүн эң кооз жерлердин тизмегине кирет, чындыгында бул жер адамды суктандырат!

Аппак аскада жайгашкан термалдык булактар - жаратылыштын сыйкурдуу жери. Туристер бир гана көрүп келгенге эмес, ден соолукту чыңдоо үчүн келишет.  Алар анча терең эмес травертиндерге ырахаттануу менен чумкушат. Сүзүүгө ылайыкталган эң белгилүү жер- “Клеопатранын бессейини”


Кытайдагы Чжанъе Данксиа түстүү аскалары

Уникалдүү Чжанъе Данксиа түстүү аскалар Кытайдын Ганьсу провинциясында жайгашкан. Петрографикалык геоморфологиянын кайталангыс түрү болуп саналат. Түстүү аскалар дүйнөлүк мурастар тизмегине кирет.


Ретба көлү, Сенегал

Сенегал түркүн түстүү туристтик жайларга бай, бир күндө кыдырып бүткөнгө жетишпейсиз. Ал жакка барганда сөзсүз түрдө дүйнөдөгү сырдуу эң кооз жерлеринин бири болгон Ретба “кызгылт көлүн” көрүп кетиңиз. Көлдүн аппак жээктери жана кызгылт суусуу балдарга арналган жомок китебинде тартылган сүрөттөрдөгүдөй.


Чоң көк Белиз чуңкуру (борбордук Америка)

Дүйнөнүн дагы бир укмуштуудай жери - Лайтхаус-Рифанын борборунда, Юкатан аралына (Белиз мамлекетине тийиштүү аймак, Борбордук Америка) жакын жайгашкан чоң көк чуңкур.  Бул чуңкур Жак-Иву Кусто аттуу француз окумуштуунун изилдеп чыккандан кийин дүйнөгө белгилүү болгон. 305 м диаметриндеги жана 120 м тереңдиктеги чуңкур. Азыркы учурда дайвинг үчүн эң ылайыктуу жерлердин бири.


Мальдивыдагы жылтыраган суу

Мальдивы - бейштегидей жердин сиз билбеген дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ваадху аралындагы суунун ичиндеги өсүмдүктөр жылтырап турат жана бул нерсе океанда “жылдыздуу асманды” жаратат. Кереметтүү жер!  


Спасибо! Мы уже звоним Вам.