18 Апр 2019

Шкафты көздөй жөнө

Туризм жаңылыктары
Шкафты көздөй жөнө

Баарыбыз эле шкафтын ичинде сыйкырчылар, сүйлөй алган жаныбарлар жана дарактар байыр алган сыйкырдуу Нарния өлкөсүн таап алган балдар жөнүндөгү окуяны эстейт болушубуз керек. Келгиле Нарнияга саякат жасайбыз, анын үстүнө шкафка виза керекги жок :)


Жаңы Зеландия

Жаңы Зеландия - укмуштуудай табигатка ээ: бул жерде тооолор, чоң фьордтор, аскалар, гейзерлер, муз каптаган көлдөр жана кумдуу пляждар жана уникалдуу жаныбарлар бар. Өлкөдө 35 корук жана улуттук парктар жана 3000 жакын резерваттар жайгашкан. 2004-жылы режиссёр Эндрю Адамсон “Нарния хроникаларынын” биринчи китебин киного айлантуу үчүн Жаңы Зеландияга келген.


Коромандел жарым аралында жайгашкан кафедралдык булуң  (Cathedral cove)- Кэр-Паравел урандылары

Коромандел жарым аралында кинонун биринчи жана экинчи бөлүмүндөгү Певенсинин балдары Нарнияга түшүп калган сценасы тартылган. Сыйкырдуу тоннель аларды Кафедералдык үңкүргө алып келип коёт, мындай аталып калгандыгынын себеби анын аркасы түзүлүшү боюнча готикалык чиркөөнүн аркасына окшошуп кетет. Үңкүрдөн чыкканда алар Хахей атуу пляжга келип калышат, жарым аралынын чыгыш тарабында жана зоолордо балдар байыркы Нарниянын Кэр-Паравел ак сайрайынын урандыларын таап алышат. 


Уаитаки өрөөнүндөгү пил тоолор (Elephant Rocks)- Аслан арстандын лагери

Пил тоолор деп аталып калгандыгынын себеби бул жерде жашаган уруулар чоң пилдерди каардуу сыйкырчылар ташка айландырып салгандыгына ишенишкен. Дал ушул жерде Нарниянын жаратуучусунун баласы Аслан арстандын лагери тартылган.


Перакауни булуңу (Purakaunui Bay) — Певенсини төрт баласынын   Кэр Паравел ак сарайында таажы кийүү аземи

Певенсинин балдарынын таажы кийүү сценасы Кетлинс аймагындагы Перакауни булуңунда тартылган. Ал эми дал ошол жакта жайгашкан көлдүн жээгиндеги кумдун үстүндө басып бараткан Аслан арстан жоголуп кетет.


Түштүк аралындагы Парадайз өрөөнү  (Paradise Valley)- Нарния, жаз кайткан жер

Парадайз өрөөнү, Квинстаун (Queenstown) шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан, “Нарниянын хроникалары” тасмасынын үч бөлүмүндө тең көрүүгө болот. Мындан башка көптөгөн кинолор ушул жерде тартылган. Бул өрөөн жапжашыл жайттарда багылган альпактары,  тотукуштары, фарель толгон көлдөрү жана асман тиреген тоолору менен Жаңы Зеландиянын эң кооз жерлеринин бири катары эсептелет. Тасманын үчүнчү бөлүмүн тарткан режиссёр Марк Джонсан сыйкырдуу өлкө тууралуу кино тартуу үчүн эң ылайык жер катары Парадайз өрөөнүнүн белгилеген.    


Спасибо! Мы уже звоним Вам.