04 Апр 2019

Музыкалык фестиваль

Туризм жаңылыктары
Музыкалык фестиваль

Жыл сайын бүтүн дүйнөдө укмуштуудай музыкалык фестивалдар өткөрүлөт, аларды жок дегенде бир жолу барып көрүү керек :)


Ultra Music Festival (UMF) - жыл сайын март айында АКШнын Флорида штатында жайгашкан Майами шаарында   өткөрүлүүчү бий фестивалы эң чоң фестивалдардын бири болуп саналат.


Ultra Worldwide- жыл сайын ар түрдүү мамлекеттерде өткөрүлүп келген фестиваль бир гана Маямидеги (АКШ) негизги аянтында өткөрүлбөстөн андан башка төмөнкү шаарларда өткөрүлөт: Сплит жана Хвар (Хорватия), Шанхай (Китай), Кута (Индонезия), Токио (Япония), Мехико (Мексика), Рио-де-Жанейро (Бразилия), Йоханнесбург и Кейптаун (Южно-Африканская Республика), Сеул (Республика Корея), Сингапур, Дели и Мумбаи (Индия), Тайбэй (Тайвань), Манила (Филиппины), Западный Коулун (Гонконг), Бангкок (Таиланд), Буэнос-Айрес (Аргентина), Лима (Перу), Сантьяго (Чили), Санта-Крус-де-ла-Сьерра (Боливия), Асунсьон (Парагвай), Сан-Хуан (Пуэрто-Рико).

 

Tomorrowland- электрондук музыка фестивалы Белгиянын Бом шаарында өткөрүлөт. Tomorrowland алгачкы жолу 2005 жылда өткөрүлгөн, ошол убактан бери бул фестиваль дүйнөдөгү эң эле белгилүү фестивалдарынын бири болуп келет. Негизинен 3 күнгө чейин созулат, билеттер болсо бир канча мүнөттүн ичинде сатылып кетет. Tomorrowland АКШда  (TomorrowWorld) жана Бразилияда (Tomorrowland Brasil) дагы өткөрүлөт.  


Sziget Festival-жыл сайын өткөрүлүүчү музыкалык фестиваль. Чоңдугу боюнча бешинчи орунда турган музыкалык фестиваль Европада өткөрүлүп келет (2018-жылы фестивалга 100 ашуун өлкөдөн 566 000 адам келген.) 2019-жылы Август айынын 7-13 күндөрүндө өткөрүлөт.    


Coachella- Коачелла фестивалы, музыка искусствосуна негизделген, популярдуулугу үчүн «анти-Вудсток» наамын алган. Коачелланын ийгилигинен кийин  Goldenvoice 2 чоң кошумча «Дилижанс» жана “Чөлдөгү саякат атындагы фестивалдар уюштурулган. Америка Кошмо Штатындагы жана дүйнөдөгү белгилүү, эң чоң жана көп киреше алып келген  фестивалдардын бири 2019-жылы 15-14 апрелде, 19-21 апрелде өткөрүлөт.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.