21 Мар 2019

Көлдө кыймылдуу эс алуу

Туризм жаңылыктары
Көлдө кыймылдуу эс алуу


Саламатсыздарбы, урмутуу саякатчылар!

Бүгүн көлдө кыймылдуу эс алуу тууралуу сөз кылгым келди :)

Көлгө эс алууга барганда сөзсүз түрдө күн бою көлдүн жээгинде жатуу кереги эмес.


Суу лыжалары

Алгачкы жолу суу лыжасы тууралуу 1900- жылдары булуңда түшүп жаткан жаштардын оюна келген.

Азыркы учурда суу спортунун эң белгилүү түрүнүн  бири болуп эсептелет. Суу лыжасы атайын даярдыктык талап кылбайт жана ар бир курорт бул спорт боюнча атайын машыктыруучунун кызматын тартуулайт.


Серфинг

Көбү серфингти спорт катары эмес жашоонун стили катары эсептешет.  Океан сиздин чыныгы мугалимиңиз боло алат, бир гана сууга ишенишиңиз керек.

Бир эле жолу толкунду кармап алсаңыз, жашооңуз жаңы нукка өзгөрө баштайт. Суу үстүндө “учууну” сезип, бир канча жолу кулагандан кийин серфингти жакшы үйрөнүп каласыз. Андан кийин көлдүн жээгинде жөн эле жатуу сизге кызыксыз болуп калат.


Виндсерфинг

Спорттун кызыктуу түрүнүн бири. Бул спорт менен жыныска жана жашка карабастан баары машыга алат, негизгиси чыдамкайлык жана техника керектелет. Баарынан мурун эс алуу керек...бирок эс алуу акылдын, логиканын жана дененин иштешин талап кылат. Бирок видсерфинг менен машыгып көргөндө кийин сиз көлдүн жээгине жаткыңыз келбей калат, ошондуктан машыгууга даяр болуңуз.


Дайвинг - суу алдындагы туризм

Берилген варианттардын эң эле сырдуу жана табышмактуусу. Суу алдындагы укмуштуудай көрүнүш сизге болуп көрбөгөндөй рахат тартуулайт.  Бул учурда бир гана суу алдындагы табиятты гана эмес илгерки замандарда чөгүп кеткен кемелерди көрүүгө болот. Көбүнчө курорттордо дайвинг борборлору жайгашкан, ал жерден сизге дайвингке тиешелүү бардыгын айтып беришет.



Спасибо! Мы уже звоним Вам.