07 Мар 2019

Жаз

Туризм жаңылыктары
Жаз

Ар бир кыш сайын шаардан башка жерде кантип жашоого болот, деп таң калам жана анын жообун жаз болгон сайын түшүнөм.

© Пол Палмер

Бирок айрым шаарлар жаз үчүн жаралгандай. Бул мезгилде ал шаарлар гүлдөй баштайт, жаңы өңгө боёлот. Жыл бою ушул мезгилге дярдангандай, күткөндөй. Балким жаз мезгили бул шаарлардын жаны.

Аны менен бирге жаз мезгили саякатоо үчүн эң ылайыктуу убакыт. Табият жанданат, адамдардын  маанайы көтөрүлүп ачыла башташат. Кайнаган ысык баштала элек жагымдуу романтикалуу аба өкүм сүрөт.

Мына ошондуктан атайын сиздер үчүн жаз мезгилинде барууга эң ылайыктуу болгон шаарларды назараңыздарга сунабыз!


Амстердам

Амстердам-жаштардын шаары. Денеси менен жаш эмес, жан дүйнөсү менен жаш болгондор. Жандуулук орун алган. Күндүзү байыркы көчөлөрдөн сейилдөөгө болот, ал эми түнкүсүн түнкү кызыктуу оюн-зооктор башталат.

Эми жаз тууралуу айта кетели. Нидерланды-жоогазындар өлкөсү, ал эми Амстердам - борбору.  

Жоогазын талааларына суктануу, велосипед менен байыркы борборду кыдыруу, жүздөгөн кичинекей көпүрөлөрдөн сейилдөө, ондогон кызыктуу жана өзгөчө музейлерге барып көңул ачуу - булардын баары жаз мезгилинде унутулгус таасир калтырат.


Тулуза

Франциянын түштүгүндө орун алган бул шаар ноябрдан мартка чейин фиалкага чөмүлөт. Март айында үйлөрдүн чатырларына жомоктогудай күн тийип турат, ал эми фиалкалар балкондорду жана бакчаларды көрккө бөлөйт.

Мунун баарын көрүп 21-кылымда жашаганыңызга ишенбей кетесиз анткени фиалкалар жердин баарына төшөлүп жомокко түшүп калгандай сезилет. Жергиликтүү кондитерлер сизге фиалкадан жасалган суфле, джем жада калса балмуздактын даамын татып көрүүнү сунушташат.   


Мюнхен

Немистер майрамдаганды жакшы билишет, мисалы баарына белгилүү болгон Октоберфестти  эсибизге салсак. Ушул сыяктуу жаз фестивалы да укмуштуудай өтүп бир жумалык карнавалга айланат. Апрелдин акыркы жумасы жаз мезгилин тосууну каалагандарды Мюнхенден сырткары болгон жерлерге чогултат. Бул жерде көптөгөн дүкөндөртөн сырткары атракциондор парктары ачылат, атактуу музыкалдуу топтор үчүн сахна курулат. Кичинекей бөбөктөр үчүн уюштуруучулар жыл сайын цирк оюндарын уюштурушат . Немис ашканасын даамын таткысы келгендер үчүн көптөгөн улуттук тамактар жасалат. Жазгы дем жана улуттук өзгөчөлүк немис пиводон кем калбастан адамды мас кылат.   


Женева

Женева үй-бүлө менен тынч же сүйүктүңүз менен романтикалуу эс алууга ыңгайлуу болгон жер. Женеванын көлүнүн жээгинен сейилдеп, кооз Бразилика Нотр_дам храмына суктанып, Женеванын гүлдөгөн ботаникалык бакчаны жана Европанын эң эле чоң фонтанын көрүүгө болот.


Токио 

Токиодо жаз мезгили абдан жандуу өтөт. Анткени шаардын парктары гүлдөп ажарына чыгат, ошондой эле Япония бул убакта көптөгөн улуттук майрамдарды белгилейт.  Бул майрамдар Токиону күңгүрөтөт.

Гүлдөр фестивалы жана балдар күнү, Кыздар күнү жана Ак күнү (8-Март сыяктуу, эркектер сүйүктүүлөрүнө татууларды белекке беришет.) жана көптөгөн башка майрамдар. Бул күндөрү көчөлөрдө чай ичүү церемониялары өтөт, ар түрдүү мастер-класстар жана калоочулар үчүн жергиликтүү экзотикалык тамактарды сунушташат.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.