28 Фев 2019

Бир көрүп сүйүп калуу

Туризм жаңылыктары
Бир көрүп сүйүп калуу

Ар бир адамдын көңүлүнө абдан жаккан дүйнөнүң бир жери бар. Ал жер адамга жагымдуу элестерди калтырат.

Ошол жерлердин бири- Чехия!

Европанын так ортосунда жайгашкан Чехия мамлекети ар бир жыл жүз миңге жакын туристтерди укмуштудай табияты менен өзүнө арбап келет.

Бул өлкө эмнеси менен туристерди өзүнө кызыктырып келет, эмне өзгөчөлүгү бар? Аны байкаштырып көрөлү.


Прага- архитектуранын жандуу энциклопедиясы.  Роман элини чиркөөлөрү жана үңкүрлөр, готикалык храмдар, бакчалар жана барокко заманындагы мунаралар, арт-нуво стилиндеги  укмуштуудай курулуштар жана уникалдуу кубизм имараттары – мунун баары Праганы өзгөчө кылып турат. Чехияда орун алган архитектуралык искусствону байкап баалоо үчүн сөзсүз түрдө адис болуунун кереги жок.


Жомоктогудай мунаралар

Жомокко түшкүң келсе, анда Чехияга кел. Балачак кезибизде көргөн көптөгөн кинолор- бизге тааныш болгон жомоктор жана ошондоай эле заманбап кинолор Чехияда тартылган. Анткени мунаралардын көптүгү боюнча Чехия биринчи орунду ээлейт.


Жөнөкөй эмес саатар

“Орлой” деп аталган астрономиялык саатардын эки циферблаты бар, ак уйдүн чокусунда жайгашкан. Бири кадимки саттардай убакытты көрсөтүп турат, экинчиси планеталарын кыймылын, айыл-чарба мезгилдерин көрсөтүп турат.


Влтава- суу артериясы гана эмес Праганын жаны болуп эсептелет.  Анын күчтүү энергиясын Праганын отуз көпүрөсүнүн ар биринен өткөндө же он аралдын биринде болгондо сезүүгө болот. Кызыктуу жана өзгөчө жээгинен дарыяга суктанууга мүмкүн.  Ал жээк жылдын мезгилине жараша пляжга, дыйкан базарына, велосипед жолуна же бий аянтына айланып турат. Влтава дарыянын жээгинин кооздугун кечке маал теплоход менен дарыянын үстүнөн көрүүгө болот.  Карлов көпүрөсүндө бароко стилинде курулган отуз эстелик Влтаванын бермети болуп саналат.

Карлов көпүрөсүнөн өткөндө каалоо айтууну унутпаңыз. Калоолоруңуз орундалышы үчүн Ян Непомуцтун эстелигинин төмөн жагына колду тийгизип, ичиңизден калоңузду кайталаңыз. Карлов көпүрөсүндө бир канча эстелик орундалгандыктан Ян Непомуцкийкин эстелигин даана тааныш үчүн аны сүрөттөп берели: Ян Непомуцкий крестти кучактап турат, ал эми башынын үстүндө жылдыздар тегеректелген.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.