08 Ноя 2018

Бишкек афишасы, Жетинин Айы 08 - 14

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Жетинин Айы 08 - 14


Концерт

Жетинин айынын 08: Чүй камера оркестринин концерти. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 18:30. Телефон: +996 312 621-619.


"Outsiders"

жетинин айынын 09: Көргөзмөнүн ачылышы. Бул көргөзмө өзүн өзү аныктоо суроосуна эки башка көз караш. Бир жагынан - бул өзүнө камтылуу жана өзүн аутсайдерлердин категориясына  киргизүү, экинчи жагынан - көпчүлүк ошол эле аутсайдерлердин кастасына кошуп, сенден баш тартуусу… Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Асанбай борбору, Токомбаев көч., 21А. Башталышы: 18:00. Телефон: +996 770 779-840.


Немис тасмаларынын күнү

Жетинин 09-11: Немис тамаларынын ичинде Гёте-Институт акыркы жылдардын белгилүү немис режиссерлорунун көркөм тасмаларын тартуулайт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: Ч. Айтматов атындагы Республикалык тасма үйү, Логвиненко көч., 13.


Китеп фестивалы

Жетинин айынын 10: Kitepfest - бул жөн гана китеп фестивалы эмес, бул ошондой эле ар бири өзүнүн ойу менен бөлүшө ала турган, эксперттер, маданият жумушчулары жана активисттер менен баарлаша ала турган аянтча. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Республикалык китепкана, Огонбаев көч., 242. Башталышы: саат 13:00. Телефон: +996 556 021-896.


“Чет өлкөдө билим алуу” көргөзмөсү

Жетинин айынын 10: Көргөзмөдө сиз биринчи колдон маалымат ала аласыз жана АКШ, Улуубритания, Канада жана Европа университеттеринин башчылары менен жеке жолугуша аласыз. Баасы: кирүү акысыз (алдын ала каттоодон өтүү керек). Өтчү жери: City hotel, Байтик Баатыр көч., 34/1. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 906-262 (доб 500), +996 779 188-333.


“Теремок”

Жетинин айынын 11: Балдар жана чоңдор үчүн көрсөтүү. Баасы: такталууда. Өтчү жери: М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры, Абдрахманов көч., 230А. Башталышы: саат 11:00. Телефон: ++ 996 312 670-641.


Диабет менен күрөшүү жумасы

Жетинин айынын 13: “Диабет менен күрөшүү жумасы” мааракесинин биринчи күнү. Программада: 3-11 жаштагы диабет балдар үчүн спорттук-кызыктыруучу маараке, 11-17 жаштагы балдар үчүн тасмага баруу. өтчү жери: СБ “Вефа”, грький көч., 27/1. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 555 001-415.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.