08 Дек 2016

Кызыктуу иш-чаралар, Бештин Айы 08 - 14

Компаниянын жаңылыктары
Кызыктуу иш-чаралар, Бештин Айы 08 - 14


Жарманке

Бештин Айы 9-11: Жаңы жылдык белектердин жана товарлардын көргөзмө жарманкеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтүү жери: Кыргыз Мамлекеттик Дене-тарбия жана спорт академиясы, Ахунбаев көч. 97. Башталышы: саат 10:00. Телефон: +996 771 818-186.


Чыгыштын сырлары

Бештин Айы 9: Араб бий түрлөрүнүн концерти. Баасы: 150 сом. Өтүү жери: “ Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору, Абдымомунов көч. 197. Башталышы: саат 18:30. Телефон: +996 551 507-119.


Кайыр-садагага арналган Немецтик Рождестволук базар

Бештин Айы 10: Иш-чаранын программасында: глинтвейн, куурулган сосиска, рождестволук таттуулар, белектер, музыка, Аяз Ата, жана жаш балдар бурчу. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: "Штайнброй" рестораны, Герцен көч., 5. Башталышы: саат 13:00.


Узунбайпак Пеппи спектакли

Бештин Айы 10: Балдардын барынын “чоңдордун айтканын жасабай, өзүм каалаганымды жасайм” деген кыялын аткара алган кыз жөнүндө сонун окуя. Баасы: такталууда. Өтүү жери: Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры, Тыныстанов көч. 122. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 312 662-032.


Гэтсби стилиндеги кечеси

Бештин Айы 10: “Улуу Гэтсби” стилиндеги кече. Баасы: 250 сом. Өтүү жери: English Zone. Башталышы: 18:00. Телефон: +996 770 702-299.


Европанын рождестволук аккордтору

Бештин Айы 10: Кеченин конокторуна “Манас” президенттик камердик оркестрдин аткаруусунда Европанын ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык чыгармалары ойнолот. Кеченин алкагында 19-20 кылымдардын чыгармаларды жана салттуу рождестволук обондорду угууга болот. Баасы: кирүү бекер (0771 950 251 номери боюнча алдын ала брондоо керек). Өтүү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясы, Чүй пр-ти 253. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 771 950-251, +996 312 614-015.


Стол үстүндө футбол ойноо боюнча таймаш

Бештин Айы 11: Эл аралык футбол күнүнө карата стол үстүндө ойнолгон футбол боюнча таймаш өтөт. Баасы: командадан 100 сомдон (0700 608-590 номери боюнча алдын ала катталуу керек). Өтүү жери: Dodo-pizza пиццериясы, Шопоков көч. 101/1. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 550-550.


Травиата

Бештин Айы 11:“Травиата” операсы - назик жана терең сезимдердин драмасы - дүйнөлүк опера адабиятындагы лирикалык-психологиялык операларынын биринчиси. Баасы: 100 сомдон өйдө. Өтүү жери: А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Абдрахманов көч. 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Танго жана вино кечеси

Бештин Айы 12: Кеченин программасында: Лукас Шенафе менен бирге эң мыкты вино түрлөрүн ичип көрүү, аргентиналык танго мектебинин окуучуларынын бий аткаруусу, даамдуу тамактар. Баасы: 350 сом. Өтүү жери: Chicken Star, Эркиндик бульвары, 36. Башталышы: саат 19:00. Телефон: +996 558 041-111.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.