20 Июл 2017

Бишкек афишасы, Теке Айы 20 - 26

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Теке Айы 20 - 26


Бизнес-солонка

Теке айынын 20: Бизнес-солонка.   Продуктту кантип тангактоо керек? Спикер: Кыргызстандагы алгачкы инфографика студиясынын  жана “Ишкер” форумунун негиздөөчүсү- Данияр Эмил. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: “Асанбай борбору”, Токомбаев көч. №21/4. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 559 808-514.


Француз вино кечеси

Теке айынын 20: Француз вино жасоого арналган кеченин программасында:

-Винонун 3 түрүн: Bila Haut (ак), Marius (ак), Bila Haut (кызыл) дегустация кылуу.

-Башкы-ашпозчудан атайын жасалган татымдар: грилденген баклажан жана сыр, руколадан жасалган “Фета” салаты, грилденген форель жашылчалар менен, “Фруктовый” салаты.

-Франциянын брэнд-элчиси-Люк Шенафтын лекциясы. 

Баасы: 999 сом. Өтчү жери: Оbama Bar&Grill, Токтогул көчөсү, 93. Башталышы: саат: 19:00. Телефон: +996 778 685-002.


Теке айынын Фестивалы

Теке айынын 21: Пиво жана сосиска кечеси. Inspire band тобунун музыкалык коштоосу менен. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Sierra” кофейнясы, Манас проспекти, 57/1. Башталышы: саат 18:00. facebook.com


Ачык эшиктер күнү

Теке айынын 22: English Zoneдо ачык эшиктер күнү. Сизди окутуу усулдары жана методикасы менен таанышуу күтөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: English Zone, Исанов көчөсү, 42/1. Башталышы: саат 14:00. facebook.com


"Акыл оюну” Демо-кечеси
Теке айынын 22:   Психологиялык өзгөрүүчү оюндарынын жана мастер класстарынын демо-кечеси. Бул оюн түрүндөгү талкууга катышуучуларды  тартуу менен  ачык иш-чараларды өткөрүү формасы. Бул иш-чаранын спикерлери тажрыйбалуу психологдор жана диний практиктердин өкүлдөрү. Баасы: 1800 сом. Өтчү жери: Ахунбаев көч., 127/1. Башталышы: саат 10:00. Тел: +996 702 723-874, +996 771 931-748.


"Улуу Британияда бакалавриатты 3 жылда окуу ," семинары
Теке айынын 20 : Семинарда сизге белгилүү болот:
1) Кантип жогорку окуу жайдын 1- курсуна, бир жыл даярдоо курсун окубастан өтүү керек
2) Окуу учурунда жана аяктагандан кийинки карьера түзүү мүмкүнчүлүктөрү
3) Чет өлкөдө жана  Улуу Британияда  талапка жооп берген адистиктер

4) Кантип IETLS UKVi жок  окууга тапшыруу керек

Баасы: акысыз (алдын ала каттоодон өтүү зарыл). Өтчү жери: Kyrgyz Concept конференц-залы, Исанов көч.42/1. Башталышы саат 15:00. Тел: +996 312 906-262 (500), +996 555 999-768.


Көргөзмөнүн ачылышы

Теке айынын 20: “Энелер жана Кыздары” же мураска калган искусство - искусстводогу муундардын мурас жөнүндө концептуалдык көргөзмөсү. Көргөзмөдө белгилүү, таланттуу айымдардын визуалдык искусство, көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк, кийим дизайны,сүрөт жана чийүү боюнча иш жыйнагы көрсөтүлөт. Баасы: 40 сом. Өтчү жери: Г.Айтиев атындагы  Көркөм өнөр музейи. Абдрахманов көч.,196, башталышы: саат 15:00, Тел: +996 312 660-368, +996 772 800-376







Спасибо! Мы уже звоним Вам.