Ала-Арча капчыгайы (Ак-Сай шаркыратмасына сейилдөө)

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар

Мезгил:

22 октября

Мүнөздөмөлөр:

0

Дем алыш күндөрү аба ырайы ысык болору күтүлүүдө, демек, Ала-Арча улуттук паркына көптөн күткөн саякатка чыгууга убакыт келди. Ала-Арча дарыясынын өрөөнү — Бишкектин тегерегиндеги негизги кооз жерлердин бири. Капчыгайдын узундугу 35 кмден ашат жана ал Кыргыз кырка тоосундагы эң ири капчыгай болуп саналат. Сиздер укмуштуудай кооз ландшафттарды, шаркыратмаларды жана өзгөчө аска формаларын көрө аласыздар. Бул жерде өсүмдүктөрдүн 1100дөн ашык түрүн, бак-дарактардын жана бадалдардын 70 түрүн кездештирүүгө болот.

баштап 20 $

Күн: 1 / Түн: 0

Турду брондоо
close


08:30: Шаардан чыгуу, Исанов көчөсү 42/1 (Московская жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда).
09:30: Унаа токтотуучу жайга келүү, таза абадан дем алып, Ак-Сай капчыгайындагы чыйыр жол менен сапарга аттануу.
12:00-13:00: Шаркыратмага жетүү. Жолдо кооз көрүнүштөрдү сүрөткө тартып, Корона, Бокс, Рацек чокуларын жана Ак-Сай мөңгүсүн көрүүгө болот. «Жаралган жүрөк» аскасынын жанынан өтөбүз. 2700 метр бийиктикте, капчыгайдын укмуштуудай көрүнүшү ачылган шиберде пикник уюштурулат.
14:30: Төмөн түшүү жана жагымдуу таасирлер, эмоциялар менен Бишкекке кайтуу.
17:30: Бишкекке келүү.

Эмнелерди алуу керек: трекинг бут кийими, жеңил куртка, көз айнек, баш кийим, ошондой эле суу алууну унутпаңыз.

Катталуу үчүн: 0555 781312 телефону же tours@concept.kg почтасы аркылуу кайрылыңыз.

Топтогу адам саныТурдун баасы (бир кишиге)
10-1520

Тур 10 адамдан турган топ түзүлгөндө өткөрүлөт.
Жеке турлар үчүн, сураныч tours@concept.kg дарегине кайрылыңыз.

Баасына кирет: Гиддин кызматы (англис/орус тилдеринде), ыңгайлуу транспорт, кирүү билеттери
Баасына кирбейт: Жеке чыгымдар, ланч-бокстор/тамак-аш, камсыздандыруу, ичүүчү суу.

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне үчүн 2 400 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.