Бишкек жана Чуңкурчак капчыгайы

Баанын ичинде:

  • Экскурсилар

Мезгил:

Мүнөздөмөлөр:

0

Чуңкурчак капчыгайы борбор калаа Бишкекке жакын жерде жайгашкан жана кооз тоо кыркалары менен курчалган. Бул жер өзүнүн ачык түстөрү жана тынч чөйрөсү менен өзгөчөлөнүп, Кыргызстандагы эң кооз жана бейпил жайлардын бири болуп саналат. Капчыгайдын аймагы сейрек кездешүүчү жоогазындарды  сактап калуу үчүн түзүлгөн Улуттук биологиялык корук болуп эсептелет. Бул жоогазындар капчыгайдын негизги сыймыгы. Жазында бул жерге саякатка келсеңиз, айрым гүлдөрдү гана эмес, ачык кызыл түскө боёлгон кенен шиберлерди көрө аласыз.

230 $
МЫКТЫ БАА

Күн: 3 / Түн: 2

Турду брондоо
close

Бишкектен тосуп алуу менен Чуңкурчак капчыгайына трансфер башталат, жолдо апрель жана май айларында гүлдөгөн жапайы жоогазындардын кооздугуна күбө болосуз, андан соң Көгүчкөн шаркыратмасына баруу менен программа уланат жана келгенден кийин боз үй лагерине жайгашуу каралган. Боз үй лагеринде каалоочулар үчүн улуттук ашкананын рестораны кошумча акы үчүн кызмат көрсөтөт, ошондой эле курчап турган тоолордо сейилдөөгө, табият койнунда эс алууга, таза абадан дем алып, заңкайган тоо пейзаждарынан толук ырахат алууга бардык шарттар түзүлгөн.

Жайгашуу: Боз үй мейманканасы
Тамактануу: Кирбейт

Чоң-Кемин улуттук паркына трансфер. Жолдо жапайы жоогазын талааларына суктануу (апрель-май сезон).
Бурана мунарасына (ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурасы) экскурсия жасоо үчүн аялдама.
Чоң-Кеминге келүү жана конок үйүнө жайгашуу.
Конок үйүндө даамдуу үй тамагы (түшкү жана кечки тамак).
Айыл ичинде экскурсия: жергиликтүү калктын жашоо-тиричилиги менен таанышуу жана Чоң-Кемин өрөөнү алаканга салгандай көрүнгөн панорамалык аянтчага жеңил жөө жүрүш.

Жайгашуу: Кемин конок үйү
Тамактануу: Эртең мененки, түшкү жана кечки тамак

Кошумча акы төлөнүүчү кызматтар:
- Кыргыз улуттук оюндарынын шоусу
- Бүркүт салуу (мүнүшкөрчүлүк) көрсөтмөсү
- Борсок-шоу — кыргыздын улуттук даамын даярдоо
- Өрөөндө ат менен сейилдөө

Бурана комплекси (ЮНЕСКОнун объекти) — Кыргызстандын сейрек кездешүүчү тарыхый курулуштарынын бири жана Улуу Жибек Жолундагы байыркы шаардын эстелиги. Мунара XI кылымда Караханийлер мамлекетинин борбору болгон Баласагын шаарынын минаретинин бир бөлүгү болуп саналат. 1974-жылы мунара калыбына келтирилген. Бүгүнкү күндө коноктор ички тепкич аркылуу мунаранын чокусуна чыга алышат, ал жерден курчап турган тоолордун керемет көрүнүшү ачылат. Мунаранын айланасында VI–X кылымдарга таандык балбал таштар жайгашкан.

Чоң-Кемин өрөөнү жана капчыгайы — активдүү эс алууну сүйүүчүлөр арасында абдан популярдуу. Чоң-Кемин дарыясы Күнгөй Ала-Тоо жана Иле Ала-Тоо кыркаларынын ортосунда 110 чакырымга созулуп агат. Бул жерде флора жана фаунага бай Улуттук парк жайгашкан. Өрөөндүн беттери ийне жалбырактуу токойлор, дары чөптөр жана мөмө-жемиштер менен капталган.

Конок үйүндө айылдын таза азыктарынан даярдалган даамдуу эртең мененки тамак.
Эртең менен табият койнунда бош убакыт.
Ат менен сейилдөө (кошумча акы үчүн).
Конок үйүндө түшкү тамактан кийин Бишкекке кайра трансфер. Келүү чекитине жеткирүү.

Тамактануу: Эртең мененки, түшкү тамак

Топтогу адам саныТурдун баасы (АКШ доллары, 1 адамга)
2600 Долл
3-4465 Долл
5-6360 Долл
7-8310 Долл
Бир орундуу жайгашуу үчүн кошумча төлөм95 Долл

*Баасы төлөм жүргүзүлгөн күндөгү КР Улуттук Банкынын курсу боюнча сом менен эсептелет.

Баага кирет
Эки кишилик жайгашууЧункурчак- Боз үй мейманканасы "Супара" (1 тун)
Чон-Кемин конок үйү "Кемин" (1 тун)
Ыңгайлуу транспорт1-3 - кондиционери бар седан/джип, 4 жана андан көп - кондиционери бар минибус
Гиддин кызматы (англис/немис/француз тилдеринде)Кирет, башынан аягына чейин коштоо
Кирүү акылары (билеттер)Кирет
Тамак-аш2 эртең мененки тамак, 2 түшкү тамак, 1 кечки тамак
Суу1 литр/адам/күнүнө
Баага кирбейт
Эл аралык каттамдарга авиабилеттер
Кыргызстанга виза
Камсыздандыруу
 Жеке чыгымдар
Программада көрсөтүлбөгөн тамактануу
Улуттук оюндар - шоу учун 230 долл 
Бүркүт менен аңчылыкты көрсөтүү - шоу учун 120 долл 
Кулинардык класс (боорсок шоу) - шоу учун 55 долл 
Ат араба менен экскурсия - 65 долл/адам (40 мин)
Ат араба менен экскурсия - 30 долл/адам (1-2 часа) \ 4 адамдан турган топ үчүн инструктор - 40 долл

Өнүгүшүбүзгө жардам бериңиз!

Сиздин саякатыңыз ыңгайлуураак болот

Эмне үчүн 2 400 000 кардар Kyrgyz Conceptти тандайт?

Мыкты баанын кепилдиги

Төлөө ыкмалары боюнча басмырлобоо кепилдиги

Акысыз брондоо (сактоо) кепилдиги

Жарнаманын аныктыгынын кепилдиги

Жылмайуу кепилдиги

Адам факторунан коргоо кепилдиги

Жеткиликтүүлүктүн кепилдиги

Тейлөө ылдамдыгынын кепилдиги

Маалыматтын конфиденциалдуулугунун кепилдиги

Кызмат тууралуу керектөө маалыматын берүү кепилдиги

close

Спасибо! Мы уже звоним Вам.