23 Фев 2017

Бишкек афишасы, Бирдин Айы 23 - Жалган Куран 01

Компаниянын жаңылыктары
Бишкек афишасы, Бирдин Айы 23 - Жалган Куран 01


Жакшы көргөн адамдарыбызга белектер

Бирдин айынын 24-26: Кайыр-садагага арналган көргөзмө-жарманкеси. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: С.А. Чуйков атындагы “Дубовый парк” аттуу КР сүрөтчүлөр бирдигинин көргөзмө залы, Пушкин көч., 78А. Башталышы: саат 11:00. Телефон: +996 772 879-015.


“Ыйман” фондунун семинары

Бирдин айынын 25: Сүйлөп чыгуучулар: Kyrgyz Concept компаниясынын президенти Уметалиев Э.С., темасы: “Эмгекчилдик жана ийгилик”, “Дин, укук жана саясат” борборунун директору Маликов К., темасы “Исламдагы мамиле куруу”. Иш-чара кыргыз тилинде өтөт. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети, акт залы, Раззаков көч., 51А. Башталышы: саат 09:30. Телефондору: +996 708 696-111 (кыз жана аялдар үчүн) +996 700 004-195 (эркектер үчүн).


Жапон кино фестивалы

Бирдин айынын 27-29: Фестиваль айланасында “Асахияма зоопаркы: асмандагы пингвиндер”, “Гомэн”, “Цуруги тоосу: тригопункттардын хроникасы” кинотартмалардын көргөзмөсү болот. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Октябрь” кинотеатры, Чуй проспекти, 184. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 392-091.


Мария Тюдор

Бирдин айынын 25: Романтикалык драманын биринчи жолу коюлушу. Баасы: такталууда. Өтчү жери: Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Мамлекетинин Улуттук Орус Драма Театры, Тыныстанов көч., 122. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 662-032.


Бахчисарай фонтаны

Бирдин айынын 25: Пушкиндин поэмасынын негизинде жаралган балет. Баасы: 100 сомдон жогору (билетти онлайн ticket.kg сайтынан сатып алсаңыздар болот). Өтчү жери: Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 661-841.


Маданият фестивалы

Бирдин айынын 25: Жарманкенин программасында: экзотикалык тамак-аштарын даамдап билүү, делегациялардын сүйлөп чыгуусу жана дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен келген меймандардын айтып берүүсүнөн башка маданияттар жөнүндө кызыктуу фактылар Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: “Бишкек Парк” соода борбору, Киев көч., 148. Башталышы: саат 13:00. facebook.com


Пигмалион-шоу
Бирдин айынын 26: «DEBUTE-MIRRORS» атту АУЦАнын музыкалдык театрынын 15-жылдыгына арналган мюзикл. Баасы: 300 сом. Өтчү жери: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Чуй проспекти, 253. Башталышы: саат 17:00. Телефон: +996 312 915-000 (кошумча номерлери: 251, 253, 260).


Талгат Аракеевдин соло концерти

Бирдин айынын 27: Фортепиано музыкасынын концерти. Программада: И.С.Бах, Д. Скарлатти, Ф. Шуберттин чыгармалары. Баасы: такталууда. Өтчү жери: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Чуй проспекти, 253. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 661-841.


Классикалык музыка концерти

Жалган Куран 01: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана балет театрынын симфониялык оркестрдын концерти. Баасы: кирүү акысыз. Өтчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Опера жана балет театры, Абдрахманов көч., 167. Башталышы: саат 18:00. Телефон: +996 312 661-841.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.