21 Фев 2020

Келсин майрам!

Туризм жаңылыктары
Келсин майрам!

Жаңы жылдан кийин өзүңүздөргө келип, майрамды сагынып калсаңыздар керек. Буга ылайык сиздерге атайын жакынкы убакытта өткөрүлүүчү майрам жана фестивалдар тууралуу маалымат даядап койдук:)


Масленица (Россия)

24 февралдан  1 мартка чейин

Ар тарапта блин токочу жасалып, самандан жасалган курчактар өрттөлүп кыш мезгили менен коштошуу башталат. Шаардык аянттарда элдик жүрүш өткөрүлүп, байыркы орус улуттук оюн-зооктор эске салынат. 


Женевалык унаа салону (Женева, Швейцария)

5-15 март

Дүйнөлүк башкы  унаа көргөзмөсү.


Старкбирцайт — күчтүү сыра фестивалы (Мюнхен,Германия)

13 марттан 5 апрелге чейин

Октобер-фестке жазгы альтернатива


Ыйык Патрик күнү (Дублин, Ирландия) 

17-март

Бий жана музыканын коштоосунда парад өткөрүлүп, шаардын кооз жайлары жашыл шамдар менен кооздолот.


Жазгы тең салмактуулук күнү (Чичен-Ица, Мексика)

20 - март

Кукулькуна пирамидасында “канаттуу жыландын” көлөкөсүн көрүү үчүн Маялык байыркы Чичен-Ицу шаарына дүйнөнүнүн булуң бурчунан адамдар келишет.


Холи- боёктор майрамы (Индия)

9-10 март

Майрамга аз калганда Холик курчагы күйгүзүлөт. Фестиваль күнү көчөлөрдө адамдар бири-бирине түстүү боёк чачышат. 


Ханами — сакуранын гүл ачуу майрамы  (Япония)

марттын аягы-апрелдин башы

Паркттарда сейилдеп, пикник жасоо жана сакура гүлүнө суктануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.