06 Фев 2020

Жазды кайсыл жакта тосууга болот?

Туризм жаңылыктары
Жазды кайсыл жакта тосууга болот?

Сиз жазгы эс алууну кайсыл жакта өткөрүүнү ойлонуштурдуңузпу? Ооба, азыртадан ойлонуп, ылайыктап койгон туура болот. Анткени алдынала билет жана виза алуу керек.


Ванкувер (Канада)

Бир караганда канадалык мегаполис бул тизмеде эмне тиешеси бар деп ойлонушуңуз мүмкүн. А бирок Ванкуверге жок дегенде бир жолу келген адам бул шаарды жаздын мекени экендигин түшүнөт. Алчаны гүлдөгөнү бул жердин эң ажайып ачык түстү жана эн кооз шаарга айлантат, ал эми бийик асман тиреген имараттардын курчоосу бул корунушту өзгөчө унутулгус кылат. 


Лиссе и Харлем (Нидерланддар)

Апрель айында өлкөдө тюлпандар гулдөй баштайт. Аталган гүл майрамын көрүүнү каласаңыз Лиссеге жөнөнүз, бул жерде атагы чыккан Кекенхоф - гул хан паркы жайгашкан. Бул жерде апрелдин ар бир дем алышында (бул жылы 22-23 апрель айында) укмуштуудай гул фестивалы өткөрүлөт.


Стамбул (Турция) 

Жаз-бул Стамбул менен таанушуга эң ылайык мезгил. Кун жайындагыдай ачуу тийбей байыркы шаарлардын көчөлөрүндө күнү-түнү сейилдөөгө мүмкүнчүлүк тузөт. Ошондой эле жаз айында Стамбулда көптөгөн концерт жана шоу көрсөтмөлөр өткөрүлөт.


Крит (Греция) 

Крит аралы жаз эс алуусун өткөрүүгө ылайык жерлердин бири. Жаз айында табият гүлдөп, көркүнө чыгат. Бул убакта деңиздин тынчтыгы жана көл жээгинде адамдардын аздыгы жагымдуу эс алууга шарт тузөт.


Спасибо! Мы уже звоним Вам.