23 Янв 2020

Кыялдар орундалат

Туризм жаңылыктары
Кыялдар орундалат

Шамдарды үйлөгөндө, саат 09:09 же 22:22 экендигин кокустан байкап калып же учуп бараткан жылдызды көргөндө ичинен тилектерин айтуу салты бардык эле адамдарда бар болушу керек. Чет жакка барганда дагы алар фонтанга тыйын ыргытмайынча келишпейт. Дүйнөдө сыйкыр толгон сырдуу жерлер абдан көп, келгиле тилектерибизди айтала турган өзгөчө жерлерге көз чаптырып көрөлү.


Треви фонтаны

Жайгашуусу: Римдеги Палаццо Поли хан сарайынын фасаддына туташкан.

Эмнелерди тилек кылуу керек: сүйүү, байлык жана тилектердин орундалышы.

Треви —Римдеги эң чоң фонтан. Эгер бул фонтанга бир тыйын ыргытсаң, сен сөзсүз түрдө бул жерге кайрадан келесиң, эки тыйын - чыныгы сүйүүнү жолуктурасың, үч тыйын - жакынкы убакытта турмуш курасың, төрт - сени байлык күтөт, беш - жоготуу болот, деген ишенимдер бар. Ошондуктан эгер кимдир бирөөгө “кайыр кош” дегиң келбесе, ыргыта турган тыйындардын эсебин алмаштырып алба. Баса, бул фонтандан жылына жетимиш миңден ашуун евро чыгарып алышат. Сонун бекен?  


Жульеттанын эстелиги

Жайгашуусу:Виа Капелло 23, Верона, Италия.

Эмнелерди тилек кылуу керек: сүйүү.

Сүйүктүңдү издеп жүрөсүзбү? Анда Веронада жайшашкан Жульетанын үйүнө сапар байлаңыз,  үйдүн алдында Шекспирдин ажарлуу каарманынын эстелиги тургузулган. Эгер эки тараптуу сүйүүнү кааласаңыз, анда коло Жульетанын төшүнүн оң тарабына колуңузду коюшуңуз керек. 


Туман коңгуроосу

Жайгашуусу: Херсонес, Севастополь.

Эмнелерди тилек кылуу керек: тилектердин орундалышы. Туман коңгуроосу орус-түрк согушунда каршылаштардан тартылып алынган трофей замбиректерден жасалып, Херсонесс чиркөөсүндө тургузулган. Чиркөө жабылгандан кийин бул коңгуроону байыркы шаардын ураандылардын үстүндөгү чокуга орнотулган. Коңгуроонун “туман” деп аталып калышынын себеби:  анын башкы милдети - каршы тарапта келаткан кеменин жакындаганда коңгуроо чалуусу, бул аймакта абдан туман көп болгондуктан кеменин ичинде көрүнчү эмес.



Тилектериңиздин орундалышы үчүн айтыла турган атайын сыйкырдуу жерлер абдан көп. Башкысы алардын орундалышына чындап ишениңиз :)

P.S. Жогоруда аталган шаарларга учуу үчүн авиабилеттердт Kyrgyz Concept компаниясынын кеңселеринен же болбосо concept.kg сайтынан сатып алсаңыз болот.

Спасибо! Мы уже звоним Вам.