25 Дек 2019

Бейиштегидей аралдар

Туризм жаңылыктары
Бейиштегидей аралдар

Мальдив аралы - бул Индия океанын жээгинде жайгашкан миңдеген аралчалардан түзүлгөн архипелаг. Ар бир арал эки километрден бир нече метр диаметр узундукта жана аларды жарым саатын ичинде кыдырып бүтүү мүмкүн. Малдивалар кичинекей аралчалардан түзүлөт, алардын ар биринде бештен мейманкана жайгашкан. Кээбир аралдарды абдан кыска мөөнөттө жөө же велосипед менен айлануу мүмкүн. 

Малдив аралдарына эмнеге барыш керек?  


Water bungalow - айнектен жасалган  уй сууну түбүндө жайгашкан, анын жардамы менен суу асты дүйнөгө баш багууу мүмкүн. Ал жактагы көрүнүш чындыгында абдан таасирдүү жана кызыктуу. Ал эми кургактыкты жакшы көргөндөр үчүн кадимки жыгач үйлөр (бунгало) бар.

Скат жана акулаларды тамактандыруу

Мальдив мейманканаларда акула жана скаттарды тамактандыруудан укмуштуудай шоу уюштурушат. Куу “жылдыздар” алдын ала тамак боло турган жакка сүзүп келишет. Аларды тамактандырып турган атайын окутулган адам иштейт.   Бирок каалоочуулар өз колу менен жем бере алышат. Скаттарды кол менен жакындан сунууга болот, акулаларга болсо балыктарды алыстан көпүрөдөн ыргытуу керек. 


Жылдыздар океаны

Мальдив аралы Ваадхуда сизди жылдыздар океаны күтүп турат. Чындап келгенде сууда балырлар күйүп турат: бул менен алар топтогон энергиясын сууга жаят. Мындай сууда сүзүү бир аз кооптуу, бирок жээгинде абдан романтикалуу кечээ өткөрүү мүмкүн. Түшүп жаткан жылдыздарды санап отурууну керекги жок, жердеги даяр жылдыздарга каалаганча тилектериңизди айтсаңыз болот.  


Адам баспаган аралда тамактануу

Кээде бардыгыбыз эле ээн, эчким жок, тыптынч жакка качып кеткибиз келет. Бул жерде сизди каалооңуз ишке аша алат! 

Суулар кошулуп агып жаткан учурда Мальдив аралына келсеңиз башында эле кызыктуу саякат башталат. Жарым кургактык суу алдына калып калат жана жээке чейин белге чейинки суудан басып өтөсүз. Бирок Робинзон сыяктуу аңулоого чыгууну кереги жок. Жээкте сизди шарап, жер-жемиш жана деңиз азыктарынан жасалган тамактар күтүп турат.

P.S Мальдив архипелагында миңден ашык аралчалар бар. Алардын ичинен 200гө жакын аралында гана адамдар жашайт.


SPA

Мальдив аралында Европа комфорту менен Азия сырлары бириккен, бул тең салмактуулук эң мыкты эс алууну тартуулайт. Жакузи жана аромамайларына бууланыңыз, муздак бассейинде сергип, балинин тынчтык берген ырларынын коштоосунда массаж алып ырахаттаныңыз. Ар бир спанын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Үйдөн дагы бул нерселерди улантуу үчүн  мальдив аралынын денсоолук чыңдоочу сырларын жазып алыңыз:кокос жана банандын сиз билбеген өзгөчөлүгү жөнүндө билип кетиңиз 


Спасибо! Мы уже звоним Вам.