21 Ноя 2019

Кыш жомогу!

Туризм жаңылыктары
Кыш жомогу!

Кышында бардыгы эле жай болгон жерге учуп кеткиси келе бербейт, көбү аппак кар, оймо чийип кеткен аяз жана жомоктогудай кышкы маанайды жакшы көрүшөт.


Нидерланд Королдугу

Нидерланд өлкөсүнүн табияты жыл бою ажайып көркүнө чыгып турат.  Ал эми кыш мезгилинде келчеңиз бул жактагы төмөн бааларга жана чубалжыган кезектин жоктугу сизди кубандырат. Бул  мезгилде суук катуу болгонуна карабастан шаардын пейзажи, кар топусун кийип алган үйлөр эстен кеткис өзгөчө таасир калтырат. Эң эр жүр саякатчылар Амстердамдын лабиринт каналынан түшсө болот. Суук көп убака чейин созула турган болсо, бул каналдар абдан чоң муз аянтына айланат. 


Австрия

Кышкы саякатчылардын бейиши-бул албетте, Австрия.Зальцбургка жакын аймакта абдан көп сандагы тоо лыжа курорту жайгашкан.Эгер жигердүү эс алууну сүйүчүлөрдөн болсоңуз, анда ушул жагымдуу шаарга келип кетиңиз. Инсбург шопинг, ресторан жана шаар курулуштарына кызыккандар үчүн абдан ылайыктуу шаар. Ал эми Дамюльс кыштагы Европанын эң көп кар жааган жерлердин бири. Бул жерде жыл сайын 9 метр кар жаайт. Жана албетте, Авистрияга келип Венаны көрбөй кетүү мүмкүн эмес. Кайталангыс чеберчилик менен жасалган архитектурасы кардын астында абданөзгөчө кооз көрүнөт. Австрияда ар бир бир адам көңүлүнө жаккан жайын таба алат.


Швейцария

Швейцарияда кыз абдан жеңил өтөт. Анын себеби Альп тоолору, алар Арктиканын кычыраган суугун киргизбей тосуп калат. Бул жака декабрь айында келүү эң ыңгайлуу болот. Жаңы жылга жакын шаарга түрдүу майрамдык жарыктар коюлуп, атайын базарлар ачылат жана ар жерге жаңы жылдык балатылар коюлат. Бул жерде бир гана жаңы жылдык буюмдарды гана сатып албастан, ага кошумча куурулган каштан, глинтвей жана ысык шоколад сыяктуу жергиликтүү татымалдардын даамын татып кетсеңиз болот.   


Канада

Жершиликтүү калк кыштан кокпойт, тескерисинче, бул мезгилди чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени Канада кыш айларында эң кызыктуу оюн-зооктор башталат. Бул ,жерде  7,8 км болгон Ридо каналында коньки тебүүгө болот, Уитлер кыштагында лыжаны тепсеңиз болот. Хокейди болсо Платсер Рок шаарында Ралстон-Лейктин бетиндеги 20 муз аянтынын үстүнөн ойносо болот. өлкөнүн батыштарабында бир жума бою кыш спортуна арналган фестиваль өткөрүлөт. Цивилизацияны сагынып кетсеңиз, анда Квебекти көздөй жөнөңүз, аталган шаар тарыхый архитектурасы жана жаңы жылдык жасалгалары менен кадимки Европанын шаарларынан айрмаланбайт.     


Норвегия

Норвегия королдугу - дүйнөнүн эң түндүк өлкөлөрүнүн бири. Бул жерден табияты абдан кооз жанан жергиликтүү ал кооздукту буузпастан сактап калууга чоң аракет жасашат. Ошондуктан Норвегия  болгон саяктатты - экотуризм деп атап коюшат. Келгенге эң ылайык убакыт январь айы, бул учурда абдан көп майрамыдык иш-чара, жарманкелер өткөрүлөт. Ит чана арабасына түшүү уникалдуу оюн-зоокко айланат, ал эми Түндүк Норвегиянын эң ийри шаары Тромсёге барсаңыз түндүк жаркырагын көрө аласыз.


Ал эми сиз кантип эс алууну каалайсыз?

Кышында күнгө күйүүнүбү же кыш жомогуна баргыңыз келеби?

Спасибо! Мы уже звоним Вам.