23 Окт 2019

Поездеги саякат

Туризм жаңылыктары
Поездеги саякат

Поезд менен жүрүү саякатоонун эң белгилүү түрү, деп атоо кыйын.  Поезд самолёттой ылдам эмес, круиздик лайнер сымал романтикалуу жана унаа сыяктуу ыңгайлуу болбойт. Бирок дүйнөдө сиздин жүрөгүңүздө түнөк таба алуучу темир жолдору бар.


Венециялык  Simplon-Orient экспресси

Белгилүү Orient Expressтин укмуштуудай вагондору абдан ыңгайлуу, көрктүү жана өзгөчө тарзда жасалган.  Анын жасалгаларын 20 жана 30 жылдардагы атактуу дизайнерлер түзгөн. Парижден Венецияга 2 күн аралыганда жетесиз, бул убакта сизге эки өлкөнүн эң даамдуу тамактардын сунушат .Бул жердеги костюм кийилген кечээлер, хрусталь бакалдагы шарап жана күмүш идиштеги тамак өзгөчө маанай тартуулайт


Падашалык Scotsman

Аталган поездеги саякатты байлык жана шаңдуулук - бул эки сөз таамай мүнөздөөчү сөздөр. Жүргүнчүлөр кызыл килемде өтүшөт жана аларды волынкада ойногон шотландыктар тосуп алышат, жана албеттте, ачык вагондо 1908-жылкы шампан берилет. Негизинен бир күндүк же жети күндүк сапар болордо жол Лондон же Эдингбургтан башталат. Жолдо баратып түрдүү хан сарай, үй, бакча, музейлерди көрүп, атактуу түндүк бийиктигин көрө аласыздар(Northern Highlands).


Rocky Mountaineer

Rocky Mountaineer Канада 1990-жылы пайда болгон жана ошол учурдагы темир жол саякаттарын уюштуруучу эң ийри компанияга айланган. Жети күн өтүүчү бул саякат учурунда туристтерге вагон-ресторандарда эң мыкты тамактар сунулат. Алар Канаданын тоолуу табиятынан ырахаттанып, эстен кеткис күндөрдү өткөрө алышат.


Транссибирь темир жолу

Бул поезд илгерки  улуу жибек жолунун соода  аймактарын жана Марко Поло менен Александра Македонскийдин баскан жолун көздөй сапар тартат. Жол Москвадан башталып Владивостокто бүтөт, эң эле узун жолдордун бири болуп саналат. Мындан сытркары токойлорго жөө жүрүш жасоого жана ит арабасына түшүү мүмкүнчүлүгү болот. Жалпысынан саякат 15 күнгө созулат, бул убакытта  Москва, Казань, Екатеринбург, Новосибирск, Иркутск, Байкал көлүн, Улан-Удэ, Улан-Батор и Владивосток шаарларын көрө аласыз. Ар бир шаарга токтоп, жакындан тааный аласыз.  


А сиз саякат учурунда жол жүрүү үчүн эмнени тандайсыз?

Спасибо! Мы уже звоним Вам.